www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg
Кыргызстандын Коргоо министрлиги өлкөдөн Орусияга аскердик техника чыгарылып жатканы тууралуу тараган маалыматты төгүндөдү.
Министрликтин маалыматына караганда, социалдык тармактарда тарап жаткан видеоматериал Кыргызстандын аймагында тартылган эмес.
Видеодогу темир жол инфраструктурасы, анын ичинде электрлештирилген жолдор Кыргызстандын темир жол тармагына туура келбейт.
Ведомство жалпыга маалымдоо каражаттарын жана социалдык тармактын колдонуучуларын такталбаган маалыматтарды таратпоого жана маалыматты жарыялоодон мурда текшерүүгө чакырды.