www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg
2011-жылдын ноябрында кабыл алынган «Коомдук телерадиоберүү корпорациясы» тууралуу мыйзам кайра каралып жатыптыр. Каналдын аты «Кыргыз телерадиоберүү корпорациясы» деп өзгөтүлүп, анын жетекчисин өлкө президенти дайындап, Байкоочу кеңеш жоюлушу мүмкүн экен.
Маалымат саясаты туура жүргүзүлсө, КТРКнын иши, мүмкүн, кандай аталса дагы, жакшырат, бирок 10 жыл мурда «Карыпкуловдун кара жащигин» реформалоо – ал бийликтин гана эмес, коомдун кызыкчылыгында иштесин деген идея менен башталган. Бирок КТРК өзү дагы, анын Байкоочу кеңеши да ал милдетти баары бир аткара алган жок. Аткарттырбай коюшкан.
Баары бир маселенин баарын өкмөттүн ордуна президенттик администрация чечет экен деп өкмөт жоюлган сыяктуу, анда – соттор баары бир адилет чечим чыгарбайт экен деп, аларды жоюп, шайлоочулар баары бир добушун сатат экен деп, деги эле шайлоодон баш тартып, баары бир эч ким мыйзам аткарбайт экен деп, мыйзамдарды да жоюп салса болобу?