www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Төрт жыл мурун жазылыптыр. Анда динкулдардын анабашы ажо Сооронбай Жээнбеков эле. Бүгүн болсо, Садыр Жапаров ажо. А бир ак, азыркы динкулдар Шаримандын учурунан дагы ашынып кутуруп, мектептерге чабуул коюп, соода-сатык жерлерин "ХАЛИФАТ", "Халал", "Харам" сыйактуу арабдардын атын ачык айкын коюшуп, Ислам халифатын эңсеп далалат кылып турушат.

Садыр мырза дин боюнча сабактарды мектепке киргизебиз деди. Токмокто Ислам академиясын ачууга буйрук берди. Демек, светтик мамлекетти чанабызбы? Кыргыздын түбүнө мына ушул арамза саткын сасыткы арабкулдар жетет.

Учурунда Абай Кунанбаевдын замандашы, олуя ойчул, дербиш акылман таарыхчы - Машхур Жусуп Копей - айтыптыр: "Дини бар да - улуту жок, сакалы бар - муруту жок. Теке сакал кырма мурут - эл түбүнө ошолор жетээр..." - деп.

Дал ошондой теке сакалдары биттеген, кыргыздын каада-салтын чанган, арабөк арсыз саткындар өлкөбүзгө бүлүк салып, мектептин директору менен мугалимдерге чабуул коюп, наристелерди коркутуп динге киргизип, аларды алтын балалыгынан ажыраткан элбузар, журт бузарлар аябагандай арабызды иритип-чиритип жатат. Азыркы ажобуз аларды тымызын колдогонсуп, Ислам академиясын ачып, мектептерге дин сабагын киргиздирип жатат.

Демек, Конституцияга каршы чыгып, Ислам халифатын оонотуга жол ачылууда. "Светтик мамлекет" - деген түшүнүктү уруп да койбой калды биздин арсыз, алсыз арабөк саткындар. Дал ушундай сабатсыздыгынан алар өздөрүнө өзү көр казып жатат...

Алп сөздүн күчү керемет,

Ай-Ааламды терметет.

Ааламдан аян агылып,

Аталар ойу термелет...

 

Тэңирим тили - кыргыз тил,

Тээктүү кыргыз сүйүп бил!

Темселеп динге арбалбай,

Тээгиңди сыйлап, билип жүр!

 

Тентибей, кыргыз, бириккин,

Тентисең алсыз кийиксиң.

Телпейип бүгүлсөң арабка,

Тээгиңди билбей ирийсиң...

 

Тексиздер бүгүн чириксиң,

Темселеп, неге чирийсиң?

Теңтуштан калып бөлүнүп,

Терсаяк, тексиз ирийсиң.

Мелис Арып-Бек, эркин журналист

Булак: NazarNews.kg

Последние новости