www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg
Президенттин коргоо, коопсуздук жана укук-тартип боюнча мамлекеттик кеңешчиси кызматынын мурдагы жетекчиси Кубанычбек Токтосунов 58 жашында көз жумду. Бул тууралуу «Алгачкы балдар хосписи» фондунун директору Ольга Труханова жазды.
Токтосунов 28-январда Ысык-Көл облусунда жол кырсыктан улам каза болгон.
Токтосунов айдап бара жаткан «Ниссан X-TRAIL» унаасы саат 15:10 чамасында Тору-Айгыр менен Чырпыкты айылдарынын ортосунда ала салып кеткен.
Унаада Токтосуновдон тышкары 4 жүргүнчү бар болчу. Алар Ысык-Көл райондук ооруканасына жаткырылган.
Маркум Токтосунов 1965-жылы Фрунзе шаарында төрөлгөн. 2009-жылы Президенттин коргоо, коопсуздук жана укук-тартип боюнча мамлекеттик кеңешчиси кызматынын жетекчиси кызматына дайындалган. 2020-жылы президенттик шайлоодо талапкерлигин көрсөткөн.
Маркумду акыркы сапарга узатуу зыйнаты эртең, 31-январда өтөт.
Булак: NazarNewsa.kg
.