www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Жогорку Кеңештин Транспорт, коммуникация, архитектура жана курулуш комитети жол эрежесин бузган айдоочуларга салынган айып пулга байланыштуу Министрлер кабинети сунуштаган мыйзам долбоорун 25-майда биринчи окууда кабыл алды.

Ага ылайык, Бузуулар кодексиндеги эки беренеге өзгөрүп, айрым эреже бузууларга айып пул азаят.

123 – берененин (“Транспорт каражаттарынын айдоочуларынын кыймылдын белгиленген ылдамдыгынан ашуусу”) 1-бөлүмү (“Транспорт каражаттарынын айдоочуларынын кыймылдын белгиленген ылдамдыгынан 10 км/сааттан көп, бирок 20 км/сааттан көп эмес ашуусу”).

1231-берененин (“Транспорт каражаттарынын айдоочуларынын жол кыймылынын эрежелерин бузуусу”) 1-бөлүмү ("Жол белгилеринин талаптарын аткарбоо").

Ушул тапта бул эки беренени бузган айдоочуга 1000 сомго чейин айып пул салынат. Эгер айып пул 15 күндүн ичинде төлөнсө анын өлчөмү 50% арзандайт. Ал эми Министрлер кабинети сунуштаган долбоор колдоо тапса айып пулдун суммасы өзгөрбөйт, бирок 15 күндүн ичинде төлөсө 70% кыскарып, 300 сом төлөө каралган.

“Коопсуз шаар” долбоору Бишкекте 2019-жылы 12-февралда ишке кирип, март айынан тартып жол эрежесин бузгандарга айып салына баштаган.

Долбоордун экинчи этабын ишке ашырууну 2019-жылы кытайлык “Shenzhen Sunwin Intelligent Co. Ltd” компаниясы утуп алган. Бирок, пандемиядан улам долбоор кечеңдегенине байланыштуу деп, 2020-жылдын аягында келишимдин мөөнөтү 2021-жылдын 18-июнуна чейин узартылган. Компания бул аралыкта да иштерди толук баштаган эмес.

Булак: NazarNews.kg

Последние новости