www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Болуп өткөн шайлоолордо буларга Равшан Жээнбековдун, Анвар Артыковдун жана Атамбаевдин башкы коргоочусу Ирина Карамушкинанын колдоосу таасир эткен жок. Бул тууралуу Чындык басылмасы жазып чыкты.

Экс-президент Атамбаевдин СДК партиясы (КСДПнын мураскери) саясаттан сүрүлүп, ара жолдо калган. Жергиликтүү кеңештерге шайлоодо 10 миллион 262 миң сом короткон «Кыргызстан социал-демократтары» шаардык кеңешке кирүү үчүн зарыл болгон 7% добуш топтой алышкан жок. Бул ийгиликсиз! Эске салсак, партия 2020-жылдагы парламенттик шайлоодо да аябагандай жеңилүү ызасын тартты.

Көрсө, мурунку президенттин уулдары – Сейид, Кадырбек, ошондой эле аларга кошулган Темирлан Султанбеков өткөн жылы жеңил ойго жетеленишип кайрымдуулук менен «шоу» уюштурушкан.

Алар психиатриялык ооруканада жаткан балдарга жардам алып келишип, ал жердеги бейтаптар менен камерага кучакташып сүрөткө түшүп, же болбосо «саясий туткундарга» алыс эмес жерлерде өткөрүп берүү үчүн самса бышырышат.

Болуп өткөн шайлоолордо буларга Равшан Жээнбековдун, Анвар Артыковдун жана Атамбаевдин башкы коргоочусу Ирина Карамушкинанын колдоосу таасир эткен жок. Өзгөчө Карамушкинанын оозунан көбүк чыгып, өзүнүн башчысынын ак жана үлпүлдөп калгандыгын дагы деле болсо далилдөөгө аракет кылып жаткандыгы жаш саясатчыларга анчейин жардам берген жок.

Суроо туулат – Социал-демократтар шайлоо жарышы үчүн мынча миллионду кайдан тапты? Атамбаевдин үй-бүлөсү атасы камакка алынгандан кийин, оокатсыз калышканын бир нече жолу айткан. 2019-жылы Раиса Атамбаева журналисттерге үй-бүлөдө «бир дагы турак үй жок» деп нааразы болгон. Бул ушул жазда саткан Кадырбектин уулунун жалгыз квартирасы болчу». Ал эми ушул жылдын март айында Казакстандын ЖМКларына берген маегинде мурунку президенттин үй-бүлөсү бир нече жылдан бери аларды атасынын туугандары жана жакындары материалдык жактан колдоп келишкенин айтышкан. Раиса Атамбаева кошумчалагандай, ал кичүү уулу менен туугандарынын үйүндө жашайт. Кыймылсыз мүлк, автоунаалар жана банк эсептеринен тышкары, анын айлыгы камакка алынган. Таксиге акчасы жетпей, коомдук транспортто жүргөн учурлары болгон.

Бул акчаны Атамбаевдин уулдары партиянын алдыңкы тизмесине кирген талапкерлерден чогултуп алышкандыр. Баса, партияны жетектеген Кадырбек Атамбаевдин артынан «Альфа» курулуш компаниясынын башчысы Рустам Джон келди. Тизмеге БГКнын депутаты Увазарбек Адылбеков дагы кирген. Бирок, меценаттын жардамысыз (темир тор артында отурган адам болсо дагы), ал аткарылган жок.

«Социал-демократтар» шайлоочулардын колдоосун ала албаса, анда маселени чечүүнүн эки жолу бар экендигин түшүнүшү керек. Биринчиси, шайлоочулар менен маал-маалы менен эмес, туруктуу иштөө аркылуу саясий потенциалды арттыруу. Экинчиси, саясий аренадан татыктуу кетүү. Экинчисин акыркы шайлоонун жыйынтыгы ачык-айкын көрсөтүп жатат – 5,5 пайыз добуш. MИЗЕР! Бул жолу партиянын саясий флагманы да чөгүп баратат. Атамбаевдин заманы өтүп, аны колдогондор жок экенин эл далилдеп берди.

Булак: NazarNews.kg

Последние новости