www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

«Коопсуз шаардын» камераларына 2019-жылдын 4-мартынан 2021-жылдын 26-мартына чейин 2 миллион 239 миңден ашуун жол эрежесин бузуу катталган. Бул тууралуу Жол кыймылынын коопсуздугун камсыздоо башкы башкармалыгынан билдиришти.

Маалыматка ылайык, «Коопсуз шаардын» камералары төмөнкү жол эрежелер бузган унааларды тарткан:

1 млн 405 миң 338 жолу жогорку ылдамдыкта башкаргандыгы үчүн;

282 миң 451 жолу жол белгилеринин талаптарын бузгандыгы үчүн;

252 миң 661 жолдун өтүүчү бөлүгүндөгү жол сызыктарынын талаптарын бузгандыгы үчүн;

176 миңден ашуун стоп-линиясын кесип өткөндүгү;

33 миң 701 жолу жол чырагынын тыюу салган жарыгына айдоо же жөнгө салуучунун талаптарын аткарбоо;

66 миң 643 жолу озуп өтүү же маневр жасоо эрежелерин бузуу менен кыймылдын каршы тилкесине чыгуу;

18 миң 323 жолу маневр жасоо эрежелерин бузуу;

3 миң 815 жолу токтоо же токтоп туруу эрежелерин бузуу;

44 жолу жөө адамдар өтүүчү тилкелерден өтүү, тротуар менен айдоо.

Мониторинг борборунун комиссиясын кароосунда жол кыймылынын эрежелерин бузуучулар тарабынан 7 миң 843 кайрылуу келип түшкөн.

Мониторинг борборунун комиссиясы тарабынан 118 жолу отуруму өткөрүлүп, отурумда 7 миң 777 жол эрежесин бузган учурлар каралган. Анын ичинен жол кыймылынын эрежелерин бузган учурлар боюнча 2 миң 43 чечим өзгөртүүсүз күчүндө калтырылган. Ал эми 5 миң 734 бузуу өндүрүштө токтотулган, жокко чыгарылган. Пандемия учурунда жарандарыбызга медициналык жардам көргөзгөн ыктыярчылардын кайрылуусунда 670 бузуулар токтотулуп жокко чыгарылды.

Булак: NazarNews.kg

Последние новости