www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

COVID-19: Эмдөөдөн кийин 55 адам каза тапты

Австрияда COVID-19га каршы эмдөө алгандан кийин каза болгондордун саны 55 адамга жетти. Бул тууралуу өлкөнүн Саламаттыкты сактоо боюнча федералдык бюросу отчет учурунда билдирди.

Бирок өлүм учурларынын вакцина менен байланышы толук аныктала элек. Учурда изилдөө иштери уланып жатат.

Австрияда эки жумадан бери коронавируска каршы эмделгендерге байкоо жүргүзүлүп келет. Жыйынтыгында, алгач 15 миң 790 адамдан терс таасир байкалса, бара-бара бул сан 17 миң 280ге чейин көбөйгөн. Алардын көпчүлүгү «AstraZeneca» вакцинасын алган. Ошондой эле өткөн жумада Австрияда «Pfizer-BioNtech» вакцинасы менен эмделгенден кийин 51 адам каза тапкан.

Коронавируска каршы эмдөө Австрияда өткөн жылдын декабрь айында башталган.

Булак: NazarNews.kg

Последние новости