www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Жол кыймылынын коопсуздугун камсыздоо башкы башкармалыгынын (ЖКККББ) кызматкерлери радар менен турууга укугу барбы? Мындай суроону Жогорку Кеңештин депутаты Нурбек Тотонов ЖКККББнын башчысынын орун басары Иманалы Саркуловго узатты.

Бүгүн, 30-мартта Жогорку Кеңештин Транспорт, коммуникациялар, архитектура жана курулуш боюнча комитетинин жыйыны өттү.

Депутаттын суроосуна жооп берген Саркулов ЖКККББнын кызматкерлери радарларды профилактикалык максатта колдонуп жатышканын айтты.

«Жогорку ылдамдык – жол эрежелеринин бузулушунун негизи фактору», - деди Саркулов.

Бирок депутат радарлар жол кырсыктарынын санын кыскартпай турганын, алар акча гана алып келерин айтты.

«Радарларды колдонууну токтотуш керек. Башка өлкөлөрдө мындай тажрыйба жок», - деди Тотонов.

Саркулов өлкө боюнча «Коопсуз шаар» долбоорунун видеокамералары орнотулганда инспекторлор жолдорго турбай калышарын билдирди.

«Бирок көпчүлүк жол кырсыктары жогорку ылдамдыктын кесепетинен болуп жатканын белгилегим келет. Ошондуктан, азырынча инспекторлордун жардамы менен жолдордогу абалды көзөмөлдөө зарылчылыгы бар», - деди Саркулов.

Булак: NazarNews.kg

Последние новости