www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

 Чүйдүн Жайыл районунда эркек киши катуу сабалып, ооруканада каза болду. Бул тууралуу облустук милициядан билдиришти.

Маалыматка ылайык, 27-март күнү аймактык ооруканадан милицияга денесинен жаракат алып, жандандыруу бөлүмүнө түшкөн эркек киши жөнүндө маалымат берилген. 28 жаштагы жаран эртеси күнү ооруканадан каза болуп калган.

"Бул факты Кылмыштардын жана жоруктардын бирдиктүү реестрине катталып, териштирүү иштери башталган. Анда алдын ала маалыматтар боюнча 27-март күнү саат 01:00 чамасында Новониколаевка айылында маркум катуу сабалган. Ал эми мушташка катышкан бардык жарандар кармалып, тергөө бөлүмүнө жеткирилген. Учурда териштирүү иштери жүрүүдө", - деп жазылат маалыматта.

Булак: NazarNews.kg

 

Последние новости