www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg
Аталган тармак өлкөбүздүн экономикасын алга сүйрөп, аймактарды өнүктүрүүгө түрткү берип жаткан сектор экендиги талашсыз. Сандар менен айта турган болсок, тоо кен тармагын Кыргызстандын ИДПсынын 8,5 %ын түзсө, экспорттун 50 %ы, салыктык жыйнамдардын 15 %ы тоо кен секторуна тийешелүү. 2019-2023-жылдары бир канча кендин ишке киргизилүүсү күтүлүүдө.
Атап айтсак, Шамбесай, Тереккан, Шыралжын, Үңкүр-Таш, Андаш, Тоголок ж.б. Бул кендер иштей баштаса, салыктык төлөмдөрдүн өлчөмү кескин көбөйөт, жаңы жумушчу орундары пайда болот, ички, сырткы миграциянын агымынын азаюусуна оң таасирин тийгизет. Бирок тилекке каршы, бул чөйрөдөгү абал толук тартипке салына элек.
Башаламандык, коррупция, мыйзамсыздык өкүм сүрүп келүүдө. Коррупция кандай деңгээлге жеткенин Өнөр жай, энергетика комитетинин мурдагы жетекчиси Дүйшөнбек Зилалиевдин ишинен улам жакшы билип калдык. Андан бери абал начарласа да, жакшырып кеткен жок. Президент жыйында КР Коопсуздук кеңешинин кен казуу тармагындагы чечимдеринин аткарылбай жатканын сынга алып, кырдаалды оңдоо үчүн берилген 1 жыл убакыттын ичинде эч нерсе өзгөрбөгөнүн белгиледи Мындагы эң башкы көйгөй - инвестициялык климаттын жакшырбагандыгы.
Санариптештирүү системасы киргизилбегенден улам лицензия берүү тартипке салына элек, ачык айкындуулук жок. Тоо кен тармагындагы мыйзамдарда боштуктар, кемчиликтер жетишерлик. Анын кесепетинен комитетте кабыл алынган чечимдер кендин өзүндө аткарылбай, жергиликтүү бийлик өкүлдөрү менен Өкмөттүн облустардагы өкүлдөрү ортосунда биргелешип, комплекстүү иш алып баруу жолго салынбай келүүдө. Инвесторлор менен жергиликтүү элдин ортосунда иштиктүү атмосфераны түзүү жаатында жергиликтүү бийлик башчылары чабалдык кылышуда. Тилекке каршы, жергиликтүү бийлик башчылары кендеги тирешүү, түшүнбөстүк сыяктуу көрүнүштөрдү алдын алууну, аны чечүүнү эмес, инвестордон алчусун алып, сыртта байкоочу бойдон калууну ойлоп калышты.
Өнөр жай, жер кыртышын пайдалануу жана энергетика комитетинде өлкөдөгү кендер боюнча бирдиктүү маалымат база жоктугун кечээ жакында эле Жогорку Кеңештин жыйынынан билдик. Анда комитеттин төрагасы Эмил Осмонбетов кендердин саны боюнча суроого жооп бералбай, эл өкүлдөрүн таң калтырган. Өкүнүчтүүсү, Өкмөт тоо кен тармагын өнүктүрүү, жөнгө салуу боюнча ооз көптүрүп сүйлөгөнү менен алиге дейре Тоо кен казуу тармагын өнүктүрүү жана кен байлыктарды коргоо боюнча концепцияны иштеп чыга элек.
Президент С.Жээнбеков Өкмөттүн тармакка болгон мындай мамилесин кайдыгерлик катары баалап, Өкмөттүн көйгөйлөрдү кантип чечүүнү билбей турганын билдирди. Жыйынтыктап айтканда, өлкө башчысы тоо кен тармагындагы милдет, тапшырмаларды белгилеп, кемчиликтерди көзгө сайгандай көрсөттү. Президенттин айткандарынан тоо кен тармагынын жетекчилери жыйынтык чыгарабы, же дагы эле ыкшоолуктарын көрсөтүшөбү, аны убакыт көрсөтөт.
Булак: "Майдан.kg"