www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Көп кабаттуу турак-үй урап, 3 адам болду

АКШнын Флорида штатындагы Серфсайд шаарчасында 12 кабат турак-үй урап калды. Учурда куткаруучулар урандылар алдынан тирүү адамдарды издеп, куткаруу иштерин жүргүзүүдө. Шаар бийлиги урандынын алдында аман калгандар болушу мүмкүн экенин айтышууда. Майамиге жакын, океандын жээгиндеги бул үй жергиликтүү убакыт боюнча түнкү саат 1.30дарда ураган. Азырынча үч адамдын каза болгону кабарланды. 35тей адам куткарылды. 100гө жакын тургун дайынсыз болууда.

Кырсык болгон жерге келген штаттын губернатору Рон Десантис куткаруу бригадалары адамдардын өмүрүн сактоо үчүн тынбай иштерин билдирди.

1980-жылдары курулган көп кабаттуу үй эмнеден улам урап калганы расмий айтыла элек.

АКШ президенти Джо Байден кырсыктын кесепетин жоюу үчүн штаттын бийлиги жардам сураса, федералдык бийлик көмөк көрсөтүүнү убада кылды.

Булак: NazarNews.kg

Последние новости