www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Үстүбүздөгү жылдын 25-июнь күнү Жайыл РИИБдүн жетекчиси Уран Шамбетов, Жайыл району боюнча ЖКККБнын жетекчилиги, ошондой эле Сосновка аймактык милиция бөлүмчөсүнүн кызматкерлери милициянын көчмө кабылдамасы менен Суусамыр өрөөнүндө алдын алуу иштерин жүргүзүштү. Бул тууралуу ИИМдин маалымат кызматы кабарлады.

Анда эс алуучуларды кабыл алуучу жайлардын чет элдик жана жергиликтүү эс алуучулары менен жолугушуу болуп, андагы коопсуздук эрежелерди сактап, көңүлдүү эс алып кетүүсүнө милиция кызматкерлери болгон аракеттерин жумшап жатышканын билдиришти.

Чет элден келген эс алуучулар РИИБдүн жетекчисине эс алуу жогору маанайда болуп жатканын айтышып, милиция кызматкерлеринин жүргүзүп жаткан иш-аракеттерине ыраазычылыгын айтышты.

Андан сырткары эс алуучу жайдын администраторлору Суусамыр аймактык милиция бөлүмчөсүнүн кызматкерлери менен тыгыз байланышта болушаарын айтышып, эс алуучулар үчүн жагымдуу шарттарды түзүү үчүн биргеликте иш алып барып жатышканын кошумчалашты.

Ошол эле учурда Бишкек-Ош автоунаа жолдордун боюнда боз үйлөрдү тигип, кымыз даярдаган жана соода-сатык кылган жарандар менен жолугушуулар болуп, анда жол кырсыктарын алдын алуу үчүн жаш балдарга көзөмөл кылып, жол жээктерине балдарды чыгарбоону ата-энелерине айтышты.

Андан сырткары жол боюндагы жайылган малдардын да жол кырсыктарына туш болгон учурлары айтылып, жол кырсыктарын болтурбоо үчүн малдарды жол жээгинен алыс кайтаруу ылайыктуу экендиги эскертилди.

Ошондой эле мал багып андан киреше тапкан жарандарыбыз үчүн мал уурулуктарын алдын алуу чараларын көрүү да маанилүү экендиги айтылды.

Жол боюнча соода-сатык кылган мекендештерибиз, милиция кызматкерлери буга чейин эле түшүндүрүү иштерин жүргүзүп келишкенин айтышып, бул жолу РИИБдин башчысынын атайын келип жашоочулар менен жолугушуусу жакшы маанай жаратканын билдиришти.

Жыл сайын жай мезгилинде Суусамыр өрөөнүндөгү автонунаа жолунун боюнда соода сатык кылып малдарын карап келишкен тургундар, акыркы мезгилдери милициянын алдын алуу боюнча жүргүзүп жаткан жумуштарына байма-бай күбө болуп жатышканын сүйүнүү менен кабыл алып жатышканын билдиришти.

Булак: NazarNews.kg

Последние новости