www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Кореядагы өрттөн Казакстандын эки жараны көз жумду

Түштүк Кореядагы логистикалык кампанын курулушунда чыккан өрттөн эки казакстандык көз жумду. Бул тууралуу Тышкы иштер министрлигинин расмий өкүлү Айбек Смадияровго таянып казак басылмалары жазды.

Анын айтымына караганда, 29-апрелде Ичхон шаарындагы логистикалык кампанын курулушунда өрт чыгып, андан 38 адам көз жумса, 10 киши жаракат алган. Алдын ала айтылган кабарлар боюнча өрт жарылуудан кийин тутанып кеткен. Учурда жабыркагандарды издөө иштери жүрүп жатат.

Жергиликтүү бийликтердин айтымында, каза тапкан 38 адамдын 29унун өздүгү аныкталган. Анын ичинен экөө Казакстандын жарандары экендиги белгилүү болгон.

Учурда 9 адамдын сөөгү белгисиз болуп, кимдиги аныкталып жатат. Белгиленгендей, Казакстандын жарандары ​​Түштүк Кореяда мыйзамдуу түрдө иштешкен. 

Булак: NazarNews.kg

Последние новости