www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Үй карантин эрежесин бузган алты кишинин иши сотко жөнөтүлдү. Бул тууралуу ички иштер министринин орун басары Мирлан Каниметов Республикалык ыкчам штабдын жыйынында билдирди.

Анын айтымында, Жазык кодексине ылайык, "Санитардык-эпидемиологиялык эрежелерди бузуу беренеси боюнча 8 киши, “Адамдар үчүн коркунуч жараткан жагдайлар тууралуу маалыматты жашыруу же бурмалоо” беренеси боюнча 1 киши жоопкерчиликке тартылды.

“Жоруктар жөнүндө кодекстин 127-беренесине ылайык, 6 кишинин жоопкерчилиги каралып, бул боюнча материалдар сотко жөнөтүлдү. Бузуулар жөнүндөгү кодекстин “Ыйгарым укуктуу органдын чечимдерин, аныктамаларын, тескемелерин же талаптарын аткаруу тартибин бузуу” беренесине ылайык, 21 кишиге 3 миң сомдон айып пул салынды. Жалпысынан үй карантин эрежесин бузган 36 кишинин жоопкерчилиги каралды», - деди министрдин орун басары.

Жоруктар жөнүндө кодекстин 127-беренесине ылайык, санитардык-эпидемиологиялык эрежени бузгандар үчүн 20 миң сомдон 60 миң сомго чейин айып пул каралган.

Өлкөдө коронавирус инфекциясына байланыштуу өзгөчө кырдаал, өзгөчө абал жана аскердик абал режими учурундагы тартип бузуулар үчүн жоопкерчилик киргизилген.

Булак: "centralasian.org"

Последние новости