www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Түркиянын бийлиги вакцина албаган жарандардын кинотеатр жана ресторандарга кирүүсү үчүн милдеттүү түрдө ПЦР-тесттин терс жыйынтыгын көрсөтүү талабын коюуну пландап жатат. Бул туурасында президент Режеп Тайип Эрдоган билдиргенин РИА Новости жазды.

Анын айтымында, 6-сентябрда жаңы окуу жылы башталгандан кийин мектепте иштеген кызматкерлер эмдөөдөн өтпөсө, жумасына эки жолудан ПЦР-тест тапшырып турат.

"Университеттин вакцина албаган кызматкерлерине жана студенттерге маал-маалы менен ПЦР-тесттен өтүү талабын коёбуз. Ошондой эле шаарлар аралык каттамдарга, учууларга жана кинотеатр, ресторан сыяктуу жайларга киргүүгө ПЦР-тестти милдеттүү кылабыз", — деп айткан Эрдоган.

Түркиянын Саламаттыкты сактоо министрлигинин маалыматы боюнча, пандемия башталгандан бери өлкөдө 5,7 миллион адам коронавирус менен ооруган. Анын ичинен 51 миңден ашуун бейтап каза тапкан. Учурда COVID-19га каршы вакцинанын биринчи дозасын 45 миллиондон ашуун адам алган.

Булак: NazarNews.kg

Последние новости