www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

«Атка минсе кишидей, аттан түшсө желмогуздун тишиндей» дегендей, кызматы жок болсо кишидей, мансап алышса эле Тилек Токтогазиевке окшоп желмогуздун тишиндей болгон, отуз жылдан бери кыргыз элин эрмектеп, канын кактабай соруп, кайсы жерде башаламандык болсо, ошол жерде пайда болуп келаткан «Ата-Мекен» деген партия бар. Мунун башында Текебаев, Шерниязовдор турчу. Болот байке акты карап, иниси Садык Шер-Нияз Францияга элчи болгон. Анын артынан Текебаев да элчи болуп жол тартып, ал кетсе бул партия чилдей тарап, чачырап, жок болуп кетет го. Таянганы Шыкмаматов кол шилтеп кетти, Салянова оозун бекем жапты. Кой-Таш (КНР) учурунда Текебаевди каматкан Атамбаевке боору менен жылып барган элчи Кылыч Султанов да «Ата-Мекендин» каймагын калпып жегендерден. «Уккан кулакта жазык жок» экс-элчи Чыңгыз Айтматовдун «Ата-Мекенчи» кызы Ширин Айтматова,туризм магнаты Турусбек Мамашевдин «Ата-Мекенчи» кызы булар да элчи болобуз деп кезекте турушат дешет. 2020 - жылы күзүндө «Ата-Мекен» партиясы менен эптеп оокат кылгандар Жанар Акаев, Элвира Сурабалдиева, Рыскелди Момбеков,Тилек Токтогазиевдер кантип кантип күн көрөт? «Чоң казаты» менен башаламандыкты колдогон Алмаз Бейшеналиев да ЮНЕСКО тарапка элчи болуп кетти. «Эти журналист, сөөгү милиционер» Рыскелди Момбеков менен олигархтын кызы Элвира Сурабалдиева тууралуу былтыр кызык кеп тараган. Рыскелди Момбеков менен «бир партада чогуу отурган» журналист, ошондуктан анын «бабник» эмес экенин билем. Ушул сөз үй-бүлөсүнө чейин жетип, Рыскемдин айдай сулуу жары маалымат беттерине «Кызым атасын Сурабалиевадан кызганат» деген жалаяктай макала жарыкка чыкты.

«Ата-Мекен» партиясы даңазалана турган жагдай 2010-жылы бийликти алган соң «ата-мекенчи» Райкан Төлөгөнов баш, Туратбек Мадылбеков төш болуп мародерчулук кылышкан. Атамбаев «свежий» президент кезинде өкмөт башчысы Өмүрбек Бабанов, Ички иштер министри Зарылбек Рысалиев аркылуу мародерчу каракчыларга каршы күрөшкөн. 2010-жылдын 7-апрелинде бийликке Убактылүү Өкмөт келишип Бишкек, Кыргызстан баш аламандыкка айланат. «Ата-Мекен» партиясынан Райкан Төлөгөнов сыяктуу тойбос мародерчулар кымбат баалуу буюмдарды мындай койолу, кийим кечеге чейин кол салышып, машиналап ташып кеткени боюнча, тартып алган видео менен далилдеп беришкен. Мародерчулук боюнча дүйнөлүк рекорд коюшкан «Ата-Мекен» партиясынан Райкан Төлөгөнов менен Бишкектин милициясын тейлеген Туратбек Мадылбековдун атагы алыска чыккан. Бул «мекенчил» «патриоттор» Мекенибиздеги стабилдүүлүк үчүн күрөшпөй ушундай оор кырдаалдарда башаламандыктан пайдаланып Бишкекти тоноого өтөт. Кыргыз Республикасынын Кылмыш –Жаза Кодексинде мародерчуларга кандай айып коюларын ким билет, Кытайда мародерчуларды чекеге атып салат. Мародерчулукка каршы бийликтин бир этапта күрөшкөнүнүн пайдасы тийдиби же Райкан Төлөгөнов мародерчулук кылгандан коркуп калдыбы 2020-жылы октябрдагы башаламандыкта мародерчулук болгон жок. Экс-президент Атамбаевдин алты жыл бийлиги учурда Кытайга карыз көбөйүп ич жылытарлык иш бүтүрбөсө да, мародерчуларга каршы күрөшү, президенттик шайлоо учурунда пиар болсо да, элдин мүдөөсүндөгү ой болгон.

2015-жылы парламенттик шайлоого аттанганда, трибунага чыгып алып “Кумтөрдү” улутташтырышыбыз керек” деп бакырып жаткан да Текебаев болгон. 2012-жылы Кумтөр маселесин 4 ай изилденип, көтөрүлүп чыккан. Муну алып чыккандар парламентке токтомдун долбоорун алып чыгышкан. Ошондо добуш берер күнү Текебаев бүт командасы менен добуш бербей чыгып кетип калган. Залда 4 эле депутаты калып добуш берген. Анын экөөсү комиссияда иштеген болчу, алардын добуш бербеске айласы жок болчу. Эгер Текебаев колдоп койгондо бул токтом өтүп кетмек. Андан кийин 2015-жылы парламенттик шайлоого аттанганда, трибунага чыгып алып “Кумтөрдү” улутташтырышыбыз керек” деп бакырып жүрдү. Үч жыл мурун эмнеге добуш бербей койду анда? Бул деген арам ойлуу саясат...

Президентке талапкерлердин бири Жогорку Кеңештин депутаты Өмүрбек Текебаевдин ишкер Маевскийден “Мегаком” иши боюнча 1 миллион доллар алганын бүт депутаттар билет, керек болсо тастыктап бере турчу адамдарда бар экенин билдирген.

“2012-жылы Маевскийдин өкүлү Алексей Модин генералдар Феликс Кулов менен Өмүрбек Суваналиевге келишип, Өмүрбек Текебаев “Мегакомду” алып берем деп орусиялыктардан пара катары алган $1 млн акчаны убадасын аткара албай калганынан улам кайра Текебаевден өндүрүп берүүнү суранышканын билем. Кулов менен Суваналиев Модинге “Текебаев азыр бийликте олтурат, ага күчүбүз жетпейт” деп баш тартышкан,” – деп билдирген экс-депутат Бегалы Наргозуев 5-каналдын “Күн өзөк” программасында ал кездеги Текебаевдин жактоочусу Алманбет Шыкмаматов менен талашып-тартышуу учурунда.

Модин да Текебаевдин эски досу болгон, 2006-жылы Текебаевге каршы “матрёшка” операциясында мобилдик компанияда иштеген Модин ал операциянын бардык катышуучуларынын телефон сүйлөшүүлөрүнүн “распечаткаларын” Текебаевчилерге алып берип, чоң жардам берген. Ошондон кийин дос болуп калышкан Алексей Модин менен Текебаев 2010-жылы “Мегакомду” орусиялыктарга тымызын сатуу операциясын иштеп чыгышкан жана Модин Москвадан Госдуманын экс-депутаты Маевскийди инвестор катары таап келип, Текебаев менен достоштурган.

5-каналдын “Күн өзөк” программасында Кыргызстандагы парламентаризмдин өнүгүүсү боюнча талкуу болуп, “Ата-Мекен” фракциясынын ал кездеги лидери Алманбет Шыкмаматов менен экс-депутат Бегалы Наргозуев талашып-тартыша кеткен. Талкууда Кыргызстанда 2010-жылдан бери, 9 жыл ичинде Текебаев баштаган Убактылуу өкмөт убада кылган парламенттик cистема орнодубу? деген суроо бир нече жолу берилген.

Ак үйдөгү интригалардын курмандыктары, алардын сырларын ачуу жана компроматтарды жайылтуу жагынан «Жалбырак ТВ» бүйүр кызытып, соцтармакта талкуу жаратып жүрдү. Албетте, бул саясий күрөш. «Жалбырак ТВ» Өмүрбек Текебаевге караштуу. «Карт бөрү» саясатчы тынчыбай жүрдү. Бийлик чиновниктери күн сайын же ар жумада оркойгон катачылыктарга жол беришери, алардын көшөгө артындагы оюндарын ачыктоо жагынан Текебаев тажрыйбалуу эмеспи. Азыркы бийликти буйдалтып, бийликти жардан ары түртүү үчүн «Ата Мекендин» лидери тынбай иштемек, бирок эми башка жолду тандап элчи болуп кетсе «Ата-Мекенди» ким карайт?

Азизбек КЕЛДИБЕКОВ, NazarNews.kg

Последние новости