www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Мирзиёев Шавкат Миромонович 1957-жылы 24 Июлда Жызак облусунун, Зааминс районунда төрөлгөн. Бирок айрым булактар Мирзиёевдин үй-бүлөсү Өзбекстанга 1960-жылдары барганын, Тажикстандын Уратюбинск облусунун Яхтан кыштагында төрөлгөнүн жазып келишет. Ташкенттеги Ирригация жана айыл чарбаны механизациялоо институтун бүтүргөн. Эмгек жолун Ташкенттин Мирзо-Улугбек районунун башчысы кызматынан баштаган. Андан соң Жызак жана Самаркан облустарын жетектеген. 2003-жылдан тарта Өзбекстандын премьер-министри кызматында иштеген. 2015-жылы парламенттик шайлоонун жыйынтыгы боюнча өлкөнүн өкмөт башчылыгына кайра келген. 2016-жылдын 8-сентябрынан тарта Өзбекстандын президенттинин милдетинин убактылуу аткаруучу болуп дайындалган.

Шавхат Мирзиёев 'дарыгерлердин үй-бүлөсүндө төрөлгөн. Атасы Миромон Өзбекстандын Заамин районундагы кургак учук боюнча аймактык оорукананы башкарган, ал эми апасы ошол эле ооруканада медайым болуп эмгектенген. Бирок апасы кургак учук илдетин жуктуруп алып каза тапкан. Ошентип Шавкат жана анын эки карындашы энесинен эрте ажырап калган. Кийин атасы татар кызына үйлөнүп, андан эки балалуу болгон.

Илимий ишмердүүлүгү

Мирзиёев 24 жашында Ташкентте ирригация жана мелиорация боюнча айыл чарба институтун аяктап, инженер-механик адистигине ээ болгон. Окуусун аяктаган соң ошол эле институтта кичи илимий кызматкер болуп иштеп, техника илимдеринин кандидатына чейин жеткен. 35 жашында ошол эле институттун биринчи проректору болуп дайындалган.

Саясий ишмердүүлүгү

Шавкат Мирзиёевдин саясий ишмердүүлүгү акимдик кызматтан башталып, мажилистин депутаты, губернатор дагы болгон. Кызматтан кызматка көтөрүлүп отуруп 46 жашында мурунку президент Ислам Каримовдун сунушу менен Өзбекстандын өкмөт башчысы болуп дайындалган.

Президенттик шайлоо

Мирзиёев президенттик шайлоодо элдин 88,61 пайыз добушун алып жеңишке жеткен. 2016-жылдын 13-декабрында парламенттин токтому менен Өзбекстандын премьер-министрлик кызматынан бошотулган. Ал эми 14-декабрда салтанаттуу түрдө ант берип президенттик кызматына киришкен.

2017-жылдыр 6-7-мартында Өзбекстандын президенти катары алгачкы ирет чет өлкөгө иш сапары менен аттанып, Түркмөнстандын президенти Гурбангулы Бердымухамедов менен жолугушкан.

Жеке жашоосу

Өлкө башчынын жубайы Зироатхон Хошимова да Ирригация жана мелиорация айыл чарба институтунда окуган. Ал кезде Мирзиёев мугалим болуп эмгектенген. Ай чырайлуу сулуунун жүрөгүн багындыруу оңойго турган эмес. Анткени анын атасы Өзбекстандагы көрүнүктүү адамдардын бири, министр болгон. Мирзиёевдин өжөрлүгү акыры сүйүүсүнө жеткирген.

Үй-бүлөсү

Шахноза жана Саида аттуу эки кызы жана Даврон аттуу уулу бар. Кыздары турмушка чыккан. Айрым маалымат булактары күйөө балдарынын бири Мирзиёевдин жансакчысы экенин жазып жүрүшөт.

Булак: NazarNews.kg

Последние новости