www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Жакында дүйнө өлкөлөрүндөгү коррупциянын деӊгээлин иликтеген "Transparency International” уюму баяндама таратты. Анда Кыргызстан 180 өлкөнүн ичинен 132-орунду ээлеп, акырынан тескери санаганда 48 мамлекеттин алдында экенбиз. Бул жакшы көрсөткүчпү же жаманбы? Эл аралык уюмдун иликтөөсүнө ылайык мамлекетибиз көп жылдан бери бирдей упай алып келет:

• 2015: 28 балл, 123 орун

• 2016: 28 балл, 136 орун

• 2017: 29 балл, 135 орун

• 2018: 29 балл, 132 орун.

Иликтөөчүлөрдүн пикиринде 30 баллдан төмөнкү көрсөткүч өкмөт коррупция сазына батып калган дегенди билдирет. Эгер салыштырып карасак Борбор Азия өлкөлөрүнүн ичинен Казакстан Кыргызстандын алдында 124-орунда, Тажикстан Кыргызстандан кийин 152, Өзбекстан 158, Түркмөнстан 161-орундарды ээлеген. "Transparency International” баяндамасында Борбор Азия менен Чыгыш Европада мамлекеттик сектордогу коррупциянын деңгээлин азайтуу ишинде олуттуу жылыш жок деп жазат. Бул өз кезегинде аталган аймактарда демократияга коркунуч туудуруп жаткандыгын белгилеген. Эң мыкты көрсөткүчкө Дания ээ болгон. Экинчи орунда Жаңы Зеландия турат. Үчүнчү орунду Финляндия, Сингапур, Швеция жана Швейцария бөлүшүп алды. Эң төмөнкү баллдар Түндүк Корея (14), Йемен (14), Түштүк Судан (13), Сирия (13) жана Сомалиге (10) таандык.

Ѳлкө экономикасынын алга жылуусуна тоскоолдук жараткан, элдин бийликке болгон нааразычылыгын күчөткөн дал коррупция эмеспи. Бир кездеги премьер-министр Турсунбек Чыңгышев айткандай “Бизде жалкоолор менен келесоолор гана уурдабайт”. Бизде гана айыл өкмөтү, бала-бакча менен мектеп директорунан тартып, министр, депутатка чейин пара алат жана берет.

Эмне себептен Сооронбай Жээнбековдун коррупцияга каршы жүргүзүп жаткан аёосуз күрөшү өз натыйжасын бербей жатат?

Азыр УКМК менен ИИМдин абактарын толтургандардын көпчүлүгү эски бийликтин тушунда министр, депутат, директор сыяктуу майлуу кызматтарды ээлеп, миллиондогон сомдорду уурдап келгендер эмеспи.

Коррупцияга каршы жүргүзүлүп жаткан күрөш, бул кылмыштын алдын алуу же себептери менен күрөшүү эмес, кесепети менен гана күрөшүү болуп саналат. Мисалы, мугалим, дарыгер, милиционер же башка бюджеттик кызматкердин алган 10 миӊ сом маянасы 2-3 кишиден турган үй-бүлөнүн бир айлык жашоосуна өп-чап жетет. Анын натыйжасы үй-бүлөсүн багуу үчүн окуучулардан, ооруулуулардан же кылмышкерлерден акча талап кылууга түртүп жатпайбы.

Булак: NazarNews.kg

Последние новости