www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Элдин элегинен өтүү оңой эмес

Калпычы депутаттарды далай ирет көргөнбүз. Шайлоо болор алдында желден шамал кылгандар ызылдап эле ар кайсы жерде жолугушууларды өткөрүп жүрүшкөн. Тилекке каршы шайланып алган соң баягыл айткан убадаларын заматта унутушту. Ал тургай проблемасы чыгып кездешкиси келгендерден качып караанын көрсөтпөй койгон фактылар толтура. Шорубуз бар экен ошолордун ширин кебине ынанып сыз жерге отуруп калдык.

Антсе да үмүт отун өчүрбөй кое туралы. Парламенттик шайлоого деле убакыт аз калды. Айрыкча элдин элегинен таза өткөн Дамира Ниязалиевага окшогон адамдарды колдошубуз мезгилге шайкеш келет. Анын топтогон тажрыйбасы, артында калган тоодой элге арнаган кызматы, тил тапкычтыгы, чечкиндүүлүгү эч убакта эстен чыкпайт. Жакында эле жакыр жашаган үй-бүлөөлөргө он баштан кой таратып, жумгалдыктардын акыбалы менен таанышып келди. Ал эми каражатка муктаж болгон начар үй-бүлөөгө алтымыш миң сомун бөлүп берип, чечекейин чеч кылды. Маселен, малдын туягын санап оокатын кылган сараң байлар короосунан бир койду карышкыр жеп кетсе санаага батат. Айтор, келечекте Дамирадай мекенчилдер бийлик бутагына келери эмитен айкын болуп калды.

Булак: "Ачык сөз"

Последние новости