www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg
Окинава аралынан Американын аскер базасын чыгара албаганы үчүн Япониянын премьер-министри Юкио Хатояма отставкага кеткенин жарыялады.
АКШнын аскер базасын чыгаруу Хатояманын шайлоо алдында берген убадаларынын бири болгон. Бирок, ал бул ишенимди актай албагандыгын, мындан улам кызматын улантууга абийири жол бербегенин айтып шайлоочуларынан кечирим сурады.
- Мен отставкага кеттим. Бирок, эл алдында мен жалгыз күнөөлүү эмесмин. Менин аркаман биздин партиянын башкы катчысы Итиро Одзава дагы ээлеп турган постун таштап кетиши керек. Ал дагы мен сыяктуу эле коррупциялык жаңжалга тиешеси бар. Биз отставкага кеткенден кийин гана Демократиялык партия кайрадан жарандардын ишенимине кире алат, -дейт Япониянын мурунку өкмөт башчысы.
Хотаяманын тарапташтары аралашкан Япониядагы чоң коррупциялык жаңжалдан кийин өкмөт башчынын башынан кара булут айлана баштаган. Социал-демократтардын колдоосунан айрылган ал башкарган министрлер кабинетинин рейтинги 20 пайыздан ылдый түшүп кеткен. Бул аталган өлкөнүн тарыхындагы башкаруучулардын эң ылдыйкы көрсөткүчү катары сыпатталууда.
Атаңгөрү, биздин башкаруучулар да Хотаямадан үлгү алса болчудай.
Ай ким билет, биздин “бок курсак” чиновниктер уурдап жаткан учурунда кармалса дагы, мойнуна алышпайт го, чиркин. Алар үчүн тойгончо жеп, өлгөнчө каргануу оңой. Эч бол болбосо талмасы кармап, оорукчан, байкуш боло калышат.
Булак: "NazarNews.kg"