www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

MegaCom компаниясына жаңы башкы директор болуп Нурлан Мамытов дайындалды. Бул тууралуу маалымат каражаттарына ишкананын кызматкерлери билдирди.

Алардын айтымында, жаңы жетекчи командага тааныштырылды.

Бирок ЖАК бул маалыматты расмий тастыктай элек. Компаниянын басма сөз кызматы билдиргендей, «Альфа Телеком» ЖАК (MegaCom соода маркасы) улуттук уюлдук байланыш оператору болуп саналат, анын акцияларынын 100 пайызы мамлекетке таандык.

Нурлан Мамытов Орус-Кыргыз өнүктүрүү фондунун башкармалыгынын мүчөсү болгон. 2022-жылдын февраль айында ага коррупция боюнча айып тагылган. Ал УКМКнын СИЗОсуна камакка алынган, бирок Бишкектин Биринчи Май райондук соту баш коргоо чарасын өзгөрткөн.

Булак: NazarNews.kg

Последние новости