www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg
Эмгек, социалдык камсыздоо жана миграция министрлиги кош бойлуулук жана төрөт боюнча жөлөкпулдарды берүүнүн тартиби жөнүндө маалымат берди.
Кош бойлуулук жана төрөт боюнча жөлөкпул алууга ким укуктуу:
- иш берүүчү менен эмгек мамилесинде турган иштеген аялдар;
- жеке ишкерлер;
- дыйкан (фермердик) чарбалардын (ДФЧ) мүчөлөрү;
- белгиленген тартипте расмий түрдө жумушсуз деп таанылган жана жумушсуздук боюнча жөлөкпул алууга укуктуу аялдар.
Кош бойлуулук жана төрөт боюнча жөлөкпулдарды дайындоонун негизи болуп саламаттыкты сактоо уюмдары тарабынан берилген эмгекке жарамсыздык жөнүндө баракчасы болуп саналат.
Жөлөкпул алуу үчүн кайда кайрылуу керек:
эмгек келишими менен иштеген аялдар - өз иштеген жери аркылуу;
жеке ишкерлер, дыйкан чарбанын мүчөлөрү жана расмий жумушсуз аялдар - аймактык эмгек, социалдык камсыздоо жана миграция башкармалыктарына.
Жөлөкпулду алуу үчүн керектүү документтер:
- Эмгек келишими менен иштеген аялдар - өз иштеген жери аркылуу арыз (эркин формада) жана эмгекке жарамсыздык баракчасы.
- Жеке ишкерлер, дыйкан чарбаларынын мүчөлөрү жана жумушсуздук боюнча жөлөкпул алууга укуктуу расмий түрдө жумушсуз деп табылган адамдар жана расмий түрдө жумушсуз аялдар кош бойлуулук боюнча жөлөкпул алуу үчүн арызды (бекитилген форма боюнча) жана ИЖН тапшырышы керек.
Жөлөкпулду дайындоо үчүн зарыл болгон кошумча маалыматтар мамлекеттик органдар тарабынан электрондук форматта “Түндүк” ведомстволор аралык өз ара аракеттенүү системасы аркылуу суралат.
Жөлөкпулдун өлчөмү жана төлөм тартиби:
- Иштеген аялдар үчүн - биринчи 10 иш күн үчүн эмгек акынын (кирешенин) 100 пайызы өлчөмүндө, 11-иш күнүнөн баштап - республикалык бюджеттен айына 20 эсептик көрсөткүч (2000 сом) өлчөмүндө.
- Жеке ишкерлер, дыйкан чарбаларынын мүчөлөрү, жумушсуздук боюнча жөлөкпул алууга укугу бар расмий түрдө жумушсуз деп табылгандар үчүн - 11-иш күнүнөн тартып республикалык бюджеттен айына 20 эсептик көрсөткүч (2000 сом) өлчөмүндө.
*2024-жылдын 1-январынан тартып 11-иш күнүнөн тартып кош бойлуулук жана төрөт боюнча жөлөкпулдун өлчөмү айына 20 эсептик көрсөткүч эсебинде аныкталат (2000 сом).
- Бийик тоолуу жана жетүүгө кыйын болгон алыскы зоналарда иштеген аялдарга бардык жумушчу күндөрү - эмгек акысынын (кирешесинин) 100 пайызы өлчөмүндө.
Жөлөкпул төлөө тартиби:
Жөлөкпул төлөө 11-иш күнүнөн тартып Кыргыз Республикасынын Эмгек, социалдык камсыздоо жана миграция министрлигинин ведомстволук бөлүмү тарабынан арыз ээсинин паспортун көрсөткөн учурда алуучулардын банктагы транзиттик эсептерине (Элдик Банк, Айыл Банк) каражаттарды которуу жолу менен борборлоштурулган түрдө жүргүзүлөт.