www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Көз айнек коронавируска кабылуу коркунучун 5 эсе азайтат

Көз айнек тагып жүрүү коронавируска кабылуу коркунучун беш эсе төмөндөтүшү мүмкүн. Бул тууралуу кытайлык окумуштууларга таянып, "Российская газета" басылмасы жазды.

Новосибирск мамлекеттик университетинин бионанотехнология, микробиология жана вирусология боюнча лабораториясынын башчысы, биология илимдеринин доктору Сергей Нетесовдун айтымында, иликтөө учурунда Кытайдын жашоочуларынын 80 пайызы көз айнек тагынары аныкталган. Ал ошондой эле көздүн чел кабыгы менен мурундун былжыры COVID-19ду жуктуруунун негизги жолдору экенин белгилеп, көз айнек тагынуудан сырткары медициналык бет кап кийүү зарылдыгын айтат.

"Жыт сезбей калуу илдетти жуктуруу мурун аркылуу болгонунан кабар берет. Бул көрүнүш оорунун эң көп тараган белгилеринин бири", — деп белгилеген Нетесов.

Окумуштуу ошондой эле акыркы изилдөөлөргө ылайык, коронавирус денеде 12 саат жашаары аныкталганын, андыктан колду самындап жууп туруу ооруну алдын алуунун негизги чарасы экенин белгилеген.

Булак: NazarNews.kg

 

Последние новости