www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg
Дүйшөмбү күнү кечинде белгисиз адамдардын тобу Австриянын борбор шаарында элге кол салып, көчөдөгүлөрдү аткылашкан. Бул тууралуу РИА Новости кабарлап, кол салуунун видеосун жарыялады.
Социалдык тармактарда жарыяланган видеолордо көрүнүп тургандай, ак кийимчен киши көчө бойлой чуркап, элди автомат менен аткылап жатат. Андан кийинки видеодо полиция кызматкерлери менен атышуу болуп жатканын көрүүгө болот. Дагы биринде элдин көчөдө качып баратканы тартылган.
Бийлик болуп өткөн окуяны теракт катары баалоодо. Кырсыктан көчөдө өтүп бара жаткан адамдардын бири ошол жерден көз жумса, дагы бир жарадар болгон аял ооруканадан үзүлгөн. 15 киши ар кандай жаракат алган.
Кылмышкерлердин ким экендиги, максаты жана канча адам экени азырынча белгисиз. Аларды кармоо операциясы уланып жаткандыктан, бийлик толугураак маалымат берүүдөн баш тарткан. Венанын жашоочуларына үйлөрүндө калуу зарылдыгын эскертишкен. Австриянын канцлери Себастьян Курц операция бир нече саатка созуларын айтып, шаардыктарга эртең менен көчөгө акыркы жаңылыктарды угуп алып, анан чыгууга чакырган.
Булак: NazarNews.kg