www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Нострадамус көп кылым илгери жашаса, Ванганын көзү көрбөй үйүндө жашаган. Вольф Мессинг (1899-1974) көзү ачыктарга ишенбеген Сталиндин ишенимине кирген. Мурунку мамлекет башчылары - атеистпи же динчилби - көзү ачыктарды пайдаланып келген.

Мессинг Сталиндин жүздөгөн кайтаруучуларына актай кагазды көрсөтүп коюп, шыр кирип кетчү экен. Анын да келечек үчүн айтып кеткендери бар. 2021-жылы илдетке байланыштуу дүйнөнүн экономикасы ылдыйлап кетээрин алдын-ала айткан.

Вольф Мессинг - 2022-жылы Америка менен Европа шал болуп, коркунучтуу кризиске кабылаарын да айткан. АКШнын дүйнөлүк аренага болгон таасири түшүп, бул жылы абдан алсызданып кетет. Мамлекет зор держава деген макамынан ажырайт. Эптеп жашап кетиш үчүн америкалыктар таасири күчтүү атаандаштарына айласы жок баш ийет.

"Мамлекеттин жана дүйнөнүн экономикасы ылдыйлап кетет. Өлкөдө ички ыйкы-тыйкыдан улам ар кандай маселелер жаралат», -деген Мессинг. Иллюзионисттин айтуусунда, башка мамлекеттер АКШнын көз карашы менен эсептешпей калат.

Европада да кырдаал оор болот. Европа мамлекеттеринин абалы там-туң баскан баланын экономикасы сыяктуу болуп калат. Катуу дарт каптаарын айтып кеткен Вольф Григорьевич АКШ менен Европа геосаясий сазга тыгылган боюнча калаарын да айткан. Мунун башкы себеби - аларга күч берип келаткан Американын өзүнүн туңгуюктан чыкпай калганы, жакын арада аларда оор окуялар болушу күтүлөт.

Мессингдин айтуусу боюнча, Орусия күчтөнөт. Орусия коопсуздуктун өзгөчө аралына айланат. Дүйнөнүн бардык бурчундагы адамдар муну түшүнүп, Орусия саясий-коомдук планда эң стабилдүү мамлекетке айланып, өз аймагынан сырткары даңазага жетет. Ушунун айынан Орусияга агылган мигранттардын саны арбыйт.

Иш жүзүндө кандай? Окшошуп бараткансыйт.

Которгон: Азизбек КЕЛДИБЕКОВ, NazarNews.kg

Последние новости