www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Кыргызстан Орусия жана Түркиядан учкучсуз учуучу аппараттарды сатып алат. Бул тууралуу министрлер кабинетинин төрагасынын орун басары, УКМКнын төрагасы Камчыбек Ташиев билдирди.

Видеону Facebook баракчасына Өткүрбек Рахманов жүктөдү. Ал кечээ күнү, 21-октябрда, Чек ара кызматынын өздүк курамын чыңдоо жана өлкөнүн мамлекеттик чек арасын бекемдөө үчүн сатып алынган сооттолгон 40 аскердик техниканы тапшыруу учурунда тартылган.

Ташиев аскердик техниканын баасы 300 миллион сом болгонун жана бюджеттин эсебинен сатып алынганын билдирди. Алардын баары Баткен облусуна жөнөтүлөт. Ошондой эле, техникалык базаны чыңдоо иштери жүрүп жатканын белгиледи.

«Биз башка техника алуу үчүн да мамлекеттик бюджеттен акча төлөдүк. Азыр Түркияда биз үчүн «Байрактар» учкучсуз учуучу аппараты жасалып жатат. Мындай техника дүйнөнүн беш өлкөсүндө гана бар, алардын бири Кыргызстан болот. Жакында ал да келип түшөт. Бүгүнкү күндө Түркияда башкаруучуларыбызды окутуп жатабыз», — деди Ташиев.

УКМК төрагасы, мындан сырткары, Орусиядан дагы «Орлан-10» учкучсуз учуучу аппараттарын сатып алып жатканын, ал үчүн каражат бөлүнгөнүн айтты. Аны менен катар снайпердик куралдар дагы алынып жатканын кошумчалады.

Булак: NazarNews.kg

Последние новости