www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

2023-жылдын 1-январынан тарта кыргызстандыктар пенсия менен жөлөк пулду кеминде 6 382 сомдон алышы мүмкүн. Министрлер кабинетинин төрагасы Акылбек Жапаров кечээ күнү республикалык кеңешмеде сүйлөп жатып, президент «пенсия, пособиенин эң азы жашоо минимуму менен барабар болуш керек» деген талап койгонун айтты.

«Ошон үчүн биз киреше бөлүгүн көбөйтүшүбүз керек. Биринчи жардам жакыр жана өтө жакыр жашаган адамдардын жакшы жакка өнүгүүсүнө багытталат. Аймактагы жакыр жашаган адамдардын тагдыры, жетим-жесирлердин ыйы, элдин көз жашы ойлондуруш керек. Жакыр адамдар жылдан жылга азайып, орто жашагандардын катары калыңдап, орто класстагылар байларга кошулушу зарыл», — деди Жапаров.

Ошондой эле, ал 2021-жылдын башына карата Кыргызстан калкынын саны 6 637 000 болсо, анын ичинен 1,6 миллион адам жакырчылыкта жашаары аныкталган. Мунун 73,7 пайызы айыл тургундары, басымдуу бөлүгү Жалал-Абад, Нарын жана Баткен облустарында жашайт. Ал эми өтө жакыр жашагандар саны 59 166 адамды түзгөн.

Белгилей кетсек, жаңы кабыл алынган Конституциянын 44-беренесинин 2-бөлүмүндө: «Пенсиялар, социалдык жөлөк пул жана башка социалдык жардам мыйзамда белгиленген жашоо минимумунан кем эмес жашоо деңгээлин камсыз кылууга тийиш», - деп жазылган. Бул мыйзам 2023-жылдын 1-январынан тартып күчүнө кирери белгиленген.

Демек, 2023-жылы жашоо минимуму канча деп белгиленсе, мамлекет жарандарга андан кем эмес пенсия, пособие берүүгө милдеттендирилет. Улуттук статистика комитетинин маалыматы боюнча, учурда жашоо минимумунун өлчөмү 6 382,69 сомду түзөт.

Булак: NazarNews.kg

Последние новости