www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Коммунисттер менен улутчулдарга бирдей кароо такыр туура эмес. Бул тууралуу Орусия президенти Владимир Путин Эл аралык «Валдай» дискуссиялык клубунун жыйынында билдирди. Путин тарыхый эстеликтер тууралуу сөз болгондо, Экинчи дүйнөлүк согушка байланыштуу маселелер боюнча талашууга аргументтери бар экенин айтты.

«Бизде 1917-жылдан 1990-жылга чейинки өлкө башкаруучуларына көптөгөн дооматыбыз бар. Бул кадырэсе көрүнүш. Бирок Экинчи дүйнөлүк согуштун алдында коммунисттер менен улутчулдарды бир жерге коюп, жоопкерчилигин 50 пайыздан бөлүп кароо такыр орунсуз», — деди Орусия лидери.

Путин бул сөздөрдү СССРдин мураскери болгон Орусиянын башчысы жана орус жараны болгону үчүн гана айтып жатпаганын белгиледи. «Мен муну изилдөөчү катары айтып жатам. Архивде жаткан документтерди окуп чыктым», — деди Путин. Анын айтымында, документтер арасында лагерлер жана репрессия сыяктуу Сталин жөнүндө көп нерсе тапса болот.

«Бирок мен документтерден анын резолюцияларын көрдүм. Совет өкмөтү Экинчи дүйнөлүк согуштун башталышына жол бербөө үчүн күрөшкөн», — деп белгиледи Путин. Ошондой эле, ал тарыхты бурмалоо аракети ар дайым болушу мүмкүн экенин, бирок жок дегенде документтерди окуп коюуга чакырды.

Булак: NazarNews.kg

Последние новости