www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

21-октябрда Казакстандын президенти Касым-Жомарт Токаев Казакстан элдеринин ассамблеясынын жыйыны учурунда "мыйзамсыз митингге чыккандар мыйзам чегинде жоопко тартылат" деп айтты. "Ким эмне десе да, биз кабыл алган "Тынч жыйындар тууралуу мыйзам" демократияны өнүктүрүүдөгү олуттуу кадам. Тынч жыйындарга, демонстрацияларга эч ким каршы эмес. Расмий уруксат алуунун кереги жок. Чогулуу үчүн эскертүү берүү жетиштүү. Бирок айрым кишилер ушул талапты да аткарбай жатат. Мен мындай мыйзамга каршы аракеттерге баргандарга укуктук баа берилээрин эскертем",– деди Токаев.

Токаевдин "мыйзамсыз жыйындар тууралуу эскертүүсү" 23-октябрга белгиленген бозгундагы мурдагы банкир Мухтар Аблязовдун митингинин алдында айтылды. Укук коргоочулар -0 митингдер өтө турган күнгө аз калганда полиция активисттерди кармоону күчөткөнүн билдирип жатат.

Казакстандын Конституциясы жарандардын тынч жыйынга чогулуу укугун камсыздайт. Ага карбай, "макулдашылбаган" акциялардын катышуучулары ырааттуу түрдө кармалып, административдик камакка алынып, айып пулга жыгылып келет.

Былтыр кабыл алынган "Тынч жыйындар жөнүндөгү" мыйзамга ылайык, жарандар жергиликтүү бийлик органдарына беш күн мурун маалымат бериш керек. Бийлик баш тарткан учурда митинг мыйзамсыз болуп эсептелет. Бул мыйзамды белгилүү эл аралык уюмдар жана институттар сынга алган.

Булак: NazarNews.kg

Последние новости