www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Көзүнөн жабыркаган Джого эркектин каны керек

Британиялык  Джо Даниэлске эркектин каны керек, эртерээк чара көрбөсө, анын көзү көрбөй калышы мүмкүн. Сейрек кездешүүчү ооруга кабылган келин болгону  39 жашта.  

Шегрен синдромунун айынан Джонун көз жаш чыгарган бездери сезгенип, көздүн сыртындагы тунук кабыкчасына жара чыгууда. Бул тууралуу чет элдик басылмалар жазып чыкты.
Маалыматка караганда, бул сиптомдор менен күрөшүү үчүн ал көзүнө эркектин канынан жасалган атайын суюктукту тамызууда. Эркектин канында темир көп болгондуктан, ал суюктук дары жасаганга идеалдуу түрдө туура келет.

Аял затынын организми кош бойлуу кезинде антитела иштеп чыгарат, ошонун айынан анын каны башка бирөөгө куйганга жана алардан айрым препараттарды жасаганга жараксыз болуп калат. Ал эми Джого керектүү суюктук дал ушундай препарат болууда.

Анткен менен Британияда эркек болчу донорлор аз. 2019-жылы жаңы донорлордун 41% пайызы гана эркектер болгону аныкталган.

Булак:NazarNews.kg

Последние новости