www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Шанхай Кызматташтык Уюмунун алкагында 2019-жылдын апрель айынын үчүнчү декадасында Бишкекте ШКУга мүчө-мамлекеттердин Коопсуздук Кеңештеринин катчыларынын жолугушуусу өтөт. Бул тууралуу Кыргыз Республикасынын Коопсуздук Кеңешинин катчысы Дамир Сагынбаев билдирди. Бул тууралуу президент басма сөз кызматы билдирди.

Ал Шанхай Кызматташтык Уюмуна мүчө-мамлекеттер башчыларынын алдыда боло турган саммитинин алкагында Коргоо министрлигинин жетекчилеринин, Тышкы иштер министрлеринин жана ШКУга мүчө-мамлекеттердин Коопсуздук кеңешинин катчыларынын жыйындары сыяктуу үч ири иш чараларды өткөрүү пландаштырылып жатканын белгиледи.

«Азыркы учурда, Коопсуздук кеңештердин катчылары жолугушууга катышарын ырастап жатышат. 2019-жылдын февраль айынын ортосунда Кытайдын Пекин шаарында бардык 8 мүчө-мамлекеттердин Коопсуздук кеңештеринин катчылыктарынын жана аппараттарынын тиешелүү өкүлдөрүнүн эксперттик жыйыны өтөт, анда Коопсуздук кеңешинин катчыларынын кезектеги жолугушуусунун өткөрүү датасы талкууланат», — деп билдирди Дамир Сагынбаев.

Алдыдагы жолугушууда материалдардын акыркы долбоорлорун, анын ичинде талкуулана турган Протоколдун долбоорун да карап чыгуу пландаштырылган. Коопсуздук кеңештеринин катчыларынын жолугушуусунун Протоколунун долбоору 17 пунктту камтыйт — бул транс-чек аралык кылмыштарга, диний экстремизмге жана терроризмге каршы күрөшүү жана ШКУга тийешеси бар башка негизги багыттар боюнча маселелер экенин кошумчалады ал.

«Шанхай Кызматташтык Уюму чоң жана олуттуу эл аралык уюм болгондуктан, Кыргыз Республикасы укук коргоо органдарын тартуу менен ШКУнун бардык иш-чараларын даярдоо жана өткөрүү мезгилинде коопсуздукту жана укук тартибин камсыз кылууга байланыштуу иш-чараларды  жүргүзүп жатат. Коопсуздук Кеңешинин катчылыгы Өкмөт менен биргеликте коопсуздукту жана укук тартибин камсыз кылуу боюнча биргелешкен планды иштеп чыгууда», — деп белгилеп, Коопсуздук Кеңешинин катчысы Дамир Сагынбаев өзгөчө кырдаалдарга жол берилбей турганын айтты.

Булак: NazarNews.kg

Последние новости