www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg
Өзбекстандын Самарканд шаарында өткөн Өзбекстан, Индия, Тажикстан, Кыргызстан, Түркмөнстан, Казакстан жана Ооганстандын Тышкы иштер министрлери катышкан Индия-Орто Азия-Ооганстан диалогу жыйналышынан кийин аймактык коопсуздук, транспорт, жүк ташуу, энергетика жана инвестиция жаатындагы кызматташтык маселелери менен Ооганстанга колдоо көрсөтүү темаларын камтыган орток билдирүү жарыяланды.
Билдирүүдө маданий, соода-сатык жана башка тармактарда байланыштары болгон Индия жана Орто Азия өлкөлөрүнүн бул достук карым-катнаштарын эки тараптуу жана көп тараптуу форматта эки жактуу түрдө өнүктүрүлүшүнө карай каалоолорун билдирген тараптар, коопсуздук, ырааттуулук жана туруктуу өнүгүүнү камсыздаш үчүн актуалдуу маселелерге биргелешип чечүүчү жол табылышы үчүн эки тараптуу кызматташтыкка даяр болгондорун тастыктады.
Тараптардын терроризмдин ар түрдүү формасын жана атырылуусун айыптап, дүйнөлүк калктар жана экономикаларына коркунуч туудурган террор менен күрөшүүдө кызматташтык кыла тургандарына басым жасалган билдирүүдө, Орто Азия өлкөлөрүндөгү экономикалык өсүү маселелерине чечүүчү жол сунуштаган биргелешкен долбоорлорду теңдик, эки тараптуу урмат сый жана кызыкчылыктарга таянып өнүктүрүүнүн маанисине токтолду.
Орто Азия өлкөлөрүнүн транзит, транспорт жана жүк ташуу потенцияалын арттыруу, аймактагы транспорт жана логистика системасын өнүктүрүү, аймактык жана эл аралык транспорт коридорлорун түзүү үчүн орток киришүүлөр тууралуу кызматташтыкты дагы да тереңдетүүнү каалагандары белгиленген билдирүүдө, өзгөчө Индиянын эл аралык транспорт жана транзит коридорунун түзүлүүсү боюнча Ашкабат келишимине кошулуусуна канагаттангандары белгиленди.
Жыйналышка катышкан министрлердин Ооганстандын кайрадан өнүгүүсүн жана өлкөдө тынчтык, коопсуздук жана ырааттуулуктун камсыздалышын колдоого ала турганы баса белгиленди.
Кийинки жыйналыштын алдыдагы жылда Индияда өткөрүлүшүнө чечим чыгарылды.
Булак: "trt.net.tr"