www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

«Кыргыз Республикасынын Президентинин алдындагы Өнөр жай жана ишкердикти өнүктүрүү комитетинин биринчи жыйыны 2019-жылдын 24-июнунда өтөт», — деп билдирди Кыргыз Республикасынын Президентинин Аппаратынын стратегиялык өнүктүрүү, экономика жана финансы саясаты бөлүмүнүн башчысы Данияр Иманалиев.

Анын маалыматына ылайык, туруктуу өнүктүрүү боюнча Улуттук кеңеш ишмердиги өлкөдөгү өнөр жайды жана ишкердикти өнүктүрүү маселелерин чечүү багытында иштей турган Комитетти түзүү боюнча чечим кабыл алган. Комитет мамлекеттин жана бизнес коомчулугунун ортосундагы талкуу аянтчасы болуп калат.

Негизги максат- ишкердик үчүн жагымдуу шарттарды түзүү жана инвестициялык чөйрөнү жакшыртуу, өнөр жайды өнүктүрүү маселелери боюнча кызыкдар тараптардын өз ара активдүү аракеттенүүсүн камсыздоо.

 «Өнөр жай тармагындагы инвестициялык ишмердүүлүк боюнча сунуштарды эске алуу менен мамлекеттик башкарууну оптимизациялоо, колдоо көрсөтүү же секторду стимулдаштыруу, бизнес коомчулук жана мамлекеттик органдардын ортосундагы өз ара аракеттенүүнү жакшыртуу боюнча маселелер каралат», — деп кошумчалады Данияр Иманалиев.

Ал белгилегендей, Комитеттин биринчи жыйынында өнөр жайдын азыркы абалы, анын ичинде кайра иштетүү жана жеңил өнөр жай тармагы, көйгөйлүү маселелери жана өнүгүүсүн кароо пландаштырылууда.

«Ишкерлердин жана өнөр жай ишканаларынын маселелери жооптуу тараптардын катышуусунда жогорку деңгээлде айтылып, чечим чыгарылат деп күтүлүүдө. Талкуунун жыйынтыгында ишкерлерге конкреттүү колдоо көрсөтүү максатында тийиштүү сунуштамалар жана чаралар кабыл алынат», — деп билдирди Данияр Иманалиев.

Булак: NazarNews.kg

Последние новости