www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

КР ТИМ башчысы ШКУнун саммитинде бир нече маселени көтөрдү

Кыргызстандын ТИМ башчысы Жээнбек Кулубаев ШКУга мүчө мамлекеттердин тышкы иштер министрлеринин кеңешинин жыйынына катышты. Бул тууралуу ведомствонун маалымат кызматы билдирди.

Иш-чара Индиянын Панаджи шаарында өттү. Катышуучулар ШКУнун кезектеги Нью-Делидеги саммитине даярдыктарды жана Иран менен Беларусту уюмдун курамына кошуу маселесин талкуулашты. Ошондой эле аймактык жана эл аралык маселелер боюнча пикир алмашуу болду.

Кулубаев ШКУнун "Коопсуздукка болгон коркунучтарга каршы механизмдерди жакшыртуу" боюнча чечимдерди ишке ашырууну улантуу маанилүү экенин белгиледи. Ошондой эле Кыргызстандын эл аралык кылмыштуулукка каршы күрөшүү боюнча борборду Бишкекке ачуу демилгесин эске салды.

Министр ШКУ мамлекеттеринин ортосундагы транспорттук жана логистикалык байланыштар жаатындагы маселелерге өзгөчө көңүл бөлүү керектигин айтты.

"Кыргызстан энергетика, "жашыл" экономика, маалыматтык технология, санариптештирүү, электрондук соода жана креативдүү экономика жаатында ар тараптуу инвестициялык кызматташууну колдойт. Ошондой эле республика тоолуу мамлекеттердин кызыкчылыктарын эл аралык аренада алдыга сүрөөнү жактайт", - деген ал.

Жыйындын соңунда министрлер кеңешенин уюмдун алкагында кызматташуу боюнча чечимине кол коюлду.

Булак: NazarNews.kg

Последние новости