www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Бишкек-Ош унаа жолундагы мейманкананын эшик, айнектерин талкалап, акча талап кылганга шектүү кармалды. Бул тууралуу Жалал-Абад ОИИБ билдирет.

Маалыматка караганда кармалган жаран өзүн уюшкан кылмыштуу топтун мүчөсү деп тааныштырган.

Белгилүү болгондой, Сузак РИИБине 30 жаштагы тургуну кайрылган. Ал 4-майга караган түнү саат 02:00 чамасында өзүн кылмыштуу топтун мүчөсүмүн деп тааныштырган жаран 5000 сом талап кылып, мейманкананын бир нече эшиктерин, айнектерин талкалап, 100 000 сомдук материалдык зыян келтиргендигин билдирген.

Бул факты боюнча 206-берене (тоноо) менен кылмыш иши козголгон.

Шектүү катары мурда бир нече жолу соттолгон Жалал-Абад шаарынын тургуну - 1994-жылы туулган Н.Д. кармалып, убактылуу кармоочу жайга киргизилген.

Учурда тергөө амалдары жүрүүдө.

Булак: NazarNews.kg

Последние новости