www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

2019-жылдын 25-ноябрында Сауд Арабиясынын Жидда шаарында Кыргыз Республикасынын Тышкы иштер министри Чыӊгыз Айдарбеков Ислам кызматташтык уюмунун түзүлгөндүгүнүн 50 жылдыгына арналган «Биргеликте тынчтыкка жана өнүгүүгө» аталышындагы «Алтын Юбилей» салтанаттуу аземине катышты. Бул тууралуу аталган министрликтин басма сөз кызматы билдирди.

Иш-чаранын алкагында Министр Ч.Айдарбеков Ислам кызматташтык уюмунун башкы катчысы Юсуф Аль-Усеймин жана Сауд Арабия падышалыгынын Тышкы иштер министри, ханзаада Файсал бин Фархан Аль Сауд менен жолугушту.

Маектешүүлөрдүн жүрүшүндө Кыргыз Республикасы менен Ислам кызматташтык уюмунун ортосундагы кызматташтыктын келечеги жана Сауд Арабия падышалыгы менен эки тараптуу мамилелердин актуалдуу маселелери боюнча пикир алмашылды.

Булак: NazarNews.kg

 

Последние новости