www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg
2026-жылдын 20-апрелинде Кыргыз Республикасынын Тышкы иштер министрлигинин Консулдук департаментинин директору Сейтектин Жумакадыр уулу курулуш компаниялардын жетекчилери жана өкүлдөрү менен жумушчу жолугушуу өткөрдү.
Анын жүрүшүндө катышуучуларга миграциялык процесстерди оптималдаштыруу боюнча көрүлүп жаткан чаралар, ошондой эле Кыргыз Республикасынын аймагында чет өлкөлүк жарандардын эмгек ишмердүүлүгүн жөнгө салуунун колдонуудагы механизмдери жөнүндө кеңири маалымат берилди.
Чет элдик жумушчу күчүн тартуу үчүн квота алуу маселелерине, ошондой эле “Электрондук виза” порталын колдонуунун практикалык аспектилерине, анын ичинде административдик жол-жоболорду жөнөкөйлөштүрүүгө жана тездетүүгө багытталган “Бирдиктүү терезе” принцибинин алкагында Бирдиктүү уруксатты жана Резидент-картаны алуу жол-жобосуна өзгөчө көңүл бурулду.
Жумушчу жолугушууга курулуш компанияларынын 150дөн ашык өкүлү катышып, Кыргыз Республикасынын аймагында эмгек ишмердигине тартылган чет өлкөлүк жарандар үчүн уруксат берүүчү жана башка документтерди жол-жоболоштурууга тиешелүү актуалдуу суроолорго түшүндүрмөлөрдү жана жоопторду алышты.