www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

2026-жылдын 20-апрелинде Кыргыз Республикасынын Тышкы иштер министринин орун басары Медер Абакиров резиденциясы Москва шаарында жайгашкан Доминикан Республикасынын Кыргыз Республикасындагы Атайын жана Ыйгарым укуктуу Элчиси Алехандро Ариастын ишеним грамоталарынын көчүрмөсүн кабыл алды.

Жолугушуунун жүрүшүндө тараптар эки өлкө ортосундагы соода-экономикалык мамилелерди, анын ичинде туруктуу өнүктүрүү, айыл чарба, билим берүү, спорт жана туризм тармагындагы мамилелерди чыңдоого өз ара кызыкдар экендиктерин билдиришти.

Тараптар Кыргыз Республикасы менен Доминикан Республикасынын ортосундагы эл аралык уюмдардын алкагында ийгиликтүү кызматташууну белгилешти.

Жолугушуунун соңунда белгиленген маселелерди ишке ашырууну алдыга жылдыруу үчүн өз ара расмий сапарларды жана саясий консультацияларды уюштуруу боюнча биргелешип иштөөнү улантууга макулдашышты.

Последние новости