www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg
КР УКМК тарабынан жүргүзүлгөн ыкчам-иликтөө иш-чараларынын алкагында мурдагы колхоздор аралык курулуш уюмунун (ККУ) Ак-Талаа районунун Баетово айылындагы жалпы аянты 1,98 га жер тилкеси мамлекетке кайтарылды.
Колхоздор аралык курулуш уюму 1964-жылы аймакта өндүрүш объекттерин өнүктүрүү үчүн түзүлгөн. Ошол эле жылы Ак-Талаа районунун эл депутаттар Кеңешинин аткаруу комитетинин чечими менен Ак-Талаа районунун Баетов айылында өндүрүш объекттерин куруу үчүн 4,0 га жер тилкеси, Колхоздор аралык курулуш уюмуна бөлүнүп берилген.
1993-жылы Колхоздор аралык курулуш уюму "Демилге" акционердик коому болуп кайра түзүлүп, анын жетекчиси катары Ч.К. шайланган.
Аталган Ч.К. 2004-жылы акционердик коомду жоюу жолу менен бул ишкананы жеке менчикке өткөрүп бергени аныкталган.
Бул мүлк Ак-Талаа районунун Баетов айыл өкмөтүнүн балансына тиешелүү кабыл алуу актысына ылайык өткөрүлүп берилген.
Мурда Колхоздор аралык курулуш уюмуна тиешелүү болгон калган объектилерди кайтаруу боюнча тиешелүү иш-чаралар улантылууда.