www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg
КР УКМК КР Кабинет Министрлигине караштуу Транспорттук каражаттарды жана айдоочулук курамды каттоо боюнча мамлекеттик агенттик менен бирдикте транспорт каражаттарын каттоо системасындагы коррупциялык схемаларды жоюу боюнча көрүлгөн тиешелүү чаралардын алкагында, ошондой эле республикалык бюджетке зыян келтирген кылмыштар туралуу, Кыргыз Республикасынын Президентинин «Автотранспорт каражаттарын легалдаштыруу боюнча чаралар жөнүндө» жарлыгына карама-каршы келген, чет өлкөлөрдөн (биринчи кезекте Армения жана Абхазия республикаларынан) ташылып келинген жүргүнчүлөрдү жана жүктөрдү ташуучу унааларды мыйзамсыз каттоо схемасы аныкталган.

Алсак, алынган маалыматтарга ылайык, «Унаа» мамлекеттик мекемесинин мурдагы кызматкерлеринин ичинен Кыргыз Республикасынын айрым жарандары тиешелүү укук белгилөөчү документтери жок автоунааларды каттоого алуу, ошондой эле «конструкторлор» деп аталган адамдар тарабынан үчүнчү жактарга кайра сатуу максатында кылмыштуу схеманы уюштурушкан.

Такталгандай, (2025-жылдын февралына чейин «Унаа» мамлекеттик мекемесинде адис кызматын ээлеген) кылмыштуу схеманын уюштуруучулары А.Ш.Т. жана О.у.Т. акчалай сыйлык алуу үчүн Кыргыз Республикасынын Президентинин Жарлыгын кз жаздымда калтырып Армения жана Абхазия республикаларынан тиешелүү документтери жок Кыргыз Республикасына алынып келинген автотранспорт каражаттарынын ээлерин каттоого алууну сунушташкан.

Ошол эле учурда кылмыштуу топтун мүчөлөрү жеңил жана оор жүк ташуучу (жүк ташуучу) транспортторду документи жок каттатканы жана бажы төлөмдөрүн төлөгөндүгү үчүн Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетине караштуу Транспорт жана коммуникациялар боюнча мамлекеттик агенттиктин аймактык бөлүмдөрүнүн жетекчилерине пара катары накталай акчаларды которуп беришкен.

2025-жылдын 30-майында, бир катар тергөө-ыкчам иш-чараларынын жыйынтыгы боюнча Транспорттук каражаттарды жана айдоочулук курамды каттоо боюнча мамлекеттик агенттиктин кызмат адамдарына 8800 АКШ доллары өлчөмүндө акча каражатын пара катары берип жаткан жеринен кылмыштуу схеманын уюштуруучулары А.Ш.Т. жана О.у.З. аттуу жарандар кармалып, КР Кылмыш-процессуалдык кодексинин 96-беренесине ылайык Бишкек шаарынын ИИББ убактылуу кармоочу жайына киргизилген.
Учурда КР МУКК тарабынан республикалык бюджетке жана башка тиешеси бар адамдарга келтирилген зыяндын өлчөмүн аныктоо боюнча кошумча иш-чаралар жүргүзүлүүдө.