www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Жогорку Кеңештин алгылыктуу, жападан жалгыз ачуу чаңырык салган депутаты Өмүрбек Текебаев камалгандан бери ЖК жыйындар залы бошой түштү. Дегенбиз жыйындар залында олтурган айрым “бакырчаак” эл өкүлдөрүнүн көбүнүн башы көрүнбөйт десек болчудай.

Алсак, мыкты дасыккан саясатчы, ЖК депутаты Өмүрбек Текебаевдин парламенттеги орду ошентип убактылуу бош калып, эки бийликте дагы камалбаган Текебаевдин, бул бийликте камакка алынышы, ойлонбогондор үчүн дагы ойлонто турган маселе болуп калды.

Эми бул көрүнүштөн корккон Алмазбек Атамбаев айткандай “ушакчы” парламент  эми “ушактарын” кыйкырып эмес, үнүн чыгарбай “ымдашып” айтып калабы”, деген ой жаралат.

Бул көрүнүштөн корккон буга чейин бакырып сүйлөгөн Бабановдун үнү жок, ашынып сүйлөгөндөрдү акырын эмес атайын издесек да таппай, өзүн шер сезген Шер Нияздын деле үнү жарытылуу чыкпай калды дешүүдө эл арасында.

Эми муну менен эки жээкте ойногон айрым эл өкүлдөрүнүн жана эр азаматтардын басыктары азайып, түнкүсүн түйшөлүп уктап жатканы айтпаса да түшүнүктүү. Анткени, өкүмдардын ойдо жок жерден оюн баштап жибергени жалпыга гана эмес Борбордук Азияга белгилүү болуп калды.

Мамлекет башчысы Алмазбек Атамбаевдин мындай кадамга барышы билбегендерге “сокку”, билгендерге “сабакпы”? Мунун менен биз “өкүмдарыбыздын ”  гаремде бийликти колунан келишинче бекемдеп жаткандагысыбы же болбосо өзүнө душман чогултуп жатабы азырынча белгисиз?

Кантсе да КР “ушакчы” парламенти деген статусту ыйгарып, тарыхта биринчи жолу КР Президенти Алмазбек Атамбаев өз оозу менен расмий жарыя кылды. Андан сырткары мамлекет башчы парламентти таратуу керектигин айтып маселени кабыргасынан коюп, айрым эл өкүлдөрү “парламентти таркатып жибербейт бекен”, - деп 7-кабатка кулак түрүп, жүрөгү сыгылып жатканы турган кеп. Анткени учурдагы парламенттеги эл өкүлдөрү канчалаган кредиттерди алып Ак үйдүн босогосун аттаганын көпчүлүк билет. Алды депутат болуш үчүн 500 миң АКШ долларын сарптаганы баарына белгилүү болбосо дагы бизге так маалыматтар жеткен.

Баса, Кыргызстанда “ПАРЛАМЕНТТИК БАШКАРУУ” беле?...

Гүлжан Шерипбаева, NazarNews.kg

Последние новости