www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Кахов ГЭСиндеги өзгөчө кырдаал украин тараптын атайын жасалган саботажы болуп саналат. Бул тууралуу 6-июнда Кремлдин басма сөз катчысы Дмитрий Песков билдирди.

«Албетте, cөз украин тараптын атайылап саботажы жөнүндө болуп жатат. Бул тууралуу Киев режими буйрук алган жана ал жоопкерчиликке тартылышы керек», - деди ал брифингде.

Песков белгилегендей, Орусиянын президенти Владимир Путин Коргоо министрлиги аркылуу кырдаал боюнча маалыматтарды алып жатат. Мамлекет башчынын басма сөз катчысы ошондой эле өзгөчө кырдаал оор экологиялык жана башка кесепеттерге алып келиши мүмкүн экенин белгиледи.

Ошол эле учурда Песков белгилегендей, Орусия Кахов ГЭСиндеги өзгөчө кырдаал боюнча айыптоолорду чечкиндүү түрдө четке кагат.

Президенттин басма сөз катчысынын айтымында, Кахов ГЭСиндеги авария аймактын тургундары жана экология үчүн оор кесепеттерге алып келиши мүмкүн.

Эскерте кетсек, бүгүн, 6-июнда Украинада Кахов ГЭСинин платинасы жарылып, Днепрдеги шаарлар жана айыл аймактарды суу каптоо коркунучу жаралып, Херсон облусунун бийлик өкүлдөрү тургундарды шашылыш түрдө эвакуациялап баштаган.

Херсон облустук администрациясынын башчысы Александр Прокудин эртең мененки саат 07:00 чамасында селдин эң чоң агымы 5 сааттан кийин, тактап айтканда, Украина убактысы боюнча саат 12:00дө болорун айткан. Ал эми кийинчерээк Херсон аймактык кеңешинин башчысы Александр Самойленко суу каптоонун эң чоң ташкыны Киев убактысы боюнча 11:00 болорун билдирген.

Укргидроэнерго ГЭСинен билдиришкендей, ГЭС толугу менен талкаланган жана аны калыбына келтирүү мүмкүн эмес. 

Кахов ГЭСи Украинанын бирдиктүү энергетикалык системасына кирет. Бул Днепрдеги алтынчы жана эң төмөнкү станция, Кахов суу сактагычынын суулары Херсон облусунун кургакчыл райондорун жана Крым жарым аралын азыктандырат. ГЭС Кара деңизден 100 км, Херсондон 60 км бийиктикте жайгашкан. Новая Каховка шаарынан 5 км алыстыкта ​​жайгашкан. Станциянын бузулушу миңдеген адамдардын өлүмүнө жана бир нече ондогон калктуу пункттарды суу каптап кетишине алып келиши мүмкүн.

Булак: NazarNews.kg 

Последние новости