www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Дүйнөгө атагы чыккан футболчу Криштиану Роналду коронавирус пандемиясынан улам киргизилген карантин эрежелерин экинчи ирет бузду. Маалым болгондой, футболчу сүйүктүүсүнүн 27 жашка чыгышын белгилөө үчүн эки күндүк кыска мөөнөттүү эс алууга Курмайёр шаарындагы тоого барышкан.

Түгөйлөр тоого барыш үчүн кызгылт сары зонада жайгашкан Пьемонт жана Валле-д'Аоста аймактарынан өтүшкөн. Ал жерде туристтик сапарларга тыюу салынган.

Мындан улам, Роналду менен анын сүйүктүүсү Жоржина Родригеске 400 евро өлчөмүндө айып пул салынат. Эң кызыгы, Роналду бул акчаны жети мүнөттө таба алат.

Белгилей кетсек, Криштиану Роналду буга чейин коронавирус инфекциясын Португалияда жүргөндө жуктуруп алып, ага карабастан Турин шаарына барып, карантин эрежесин бузган.

Булак: NazarNews.kg

Последние новости