www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Бүгүн, 31-январда пландалган иш-чараларга байланыштуу Москванын борборуна бир катар чектөөлөр киргизилет. Бул тууралуу аталган өлкөнүн басылмалары жазып чыгышты.

Маалыматка ылайык, бүгүн шаардын борбордук бөлүгүндө жөө жүргүнчүлөрдүн кыймылына чектөө киргизилет. Ошондой эле, бир нече борбордук көчөлөрдө транспорттордун жүрүүсүнө жана унааны токтотууга тыюу салынат. Бул үчүн атайын белгилер орнотулган.

Мындан тышкары, шаарда ичимдиктерди сатуу саат 09:00дөн баштап 23:00гө чейин чектелет. Өз кезегинде бүгүн, 31-январда Москва шаарындагы метролор митингден улам жабылары айтылган.

Коронавируска каршы күрөш боюнча республикалык штабдын 31-январдагы маалыматына караганда, акыркы бир сутка ичинде COVID-19 илдетинен бир адам каза тапты. 76 кишиге вирус жукканы маалым болду.

Саламаттык сактоо министрлигинин жаңы эсеби боюнча коронавирус пандемиясы башталган март айынан бери илдеттин курмандыктары 1412 кишиге жетти.

Ушуну менен пандемия башталгандан бери инфекцияны жугузуп алгандардын жалпы саны 84 529 адам болду. Андан айыгып чыккандардын саны - 80 896.

Стационарда 586 бейтап дарыланууда, алардын ичинен 170 адам оор, 26 киши өтө оор абалда жатат. 732 адам амбулатордук дарыланууда.

31-январда медицина кызматкерлеринен коронавирус аныкталган жок.

Пандемия башталгандан бери илдетти жугузуп алган медицина кызматкерлеринин жалпы саны 4173 киши болду, алардын ичинен 4088и айыгып чыкты. Каза болгон медкызматкерлердин саны 90дон ашты. 

Булак: NazarNews.kg

Последние новости