www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Кыргыз мамлекети эгемендик алгандан бери географиялыкэкономикалык саясатын өз алдынча жүргүзө албай келет. Буга мамлекет башына келген башчы сөрөйлөрдүн кулчулук психологиядан чыга албагандыгы, алдыны көрө билбегендиги, жатып ичерлик ой жүгүртүүсү жана кошоматчылыгы себеп. Биздей эле эгемендик алган коңшу мамлекеттер улутун жана мамлекетин көтөрүүнүн үстүндө иштеп жатышат. Биз эгемендик алып, «чү» дегенде эле ээрге кыйшык отурдук. Улуттун көөнөрбөс тилине, дилине кайдыгер мамиле жасалып, кыргыз тилин «мамлекеттик тил» деп коюп, ага жармаштырып орус тилин официалдуу тил катары өз тилибизди келекелеп отурабыз. Кошуналарга карап, кичине арнамыска да келе албай койдук.

Түркмөн, өзбек, тажиктер орус тилин мамлекеттик деңгээлге чыгарбай эле «улуттар аралык тил» деп кабыл алып, ушул күнгө чейин урушпай-талашпай, жакшынакай жашап келе жатышат. Кай бирлери айтышы мүмкүн, «казактар деле орус тилин официалдуу тил катары алышпадыбы» деп. Жаңы эгемендик алган убакта Казакстанда орустардын саны пайыздык өлчөм менен жалпы улуттун 52 пайызын түзчү, а бизде болсо ал көрсөткүч 18 пайызга гана жетчү.

Эми азыр ушул тапта Казакстанда орустардын саны 45 пайыз болсо, бул көрсөткүч бизде болгону 9 пайызды түзөт. Биз деле орус тилине улуттар аралык макам берип койсок болмок. Качкын коррупционер А.Акаев көрсө, «кокус бирдеме болсом үй-бүлөм менен орустарга кире качам» деп кыргыз тилин садага чаап, орус тилин «официалдуу» деп берген тура. Бир кемчонтойду президент кылып шайлап алгандын канча зыяны тийди? Муну менен мен «бизде жашаган орустар менен урушуп, чабышып калалы» дегенден алысмын. Кудайга шүгүр, бири-бирибизди түшүнүшүп, жашоо ыргагында, чогуу күн кечиришип келебиз. Болгону тилибизге башкасы жармашпай, кыргыз тили өркүндөп өссүн да.

Себеби, кемчонтой президенттердин айынан «жаманды коногу бийлейт» болуп, орустар ички жана тышкы саясатыбызга чейин кийлигишип, көп нерсебизди өзүбүзгө ээ кылбай келет. Өзүбүздүн кызыкчылыгыбызга дал келип турган Американын «Ганси2 авиабазасын орустар “чыгаргыла, Америка берген жардамды биз деле берип турабыз” деп сүрдүрүп салган. Мына, мактаган Атамбаевдин эрдиги! А «Ганси» авиабазасы учуп-конгон үчүн эле жылына кийинки макулдашуу менен 60 миллион доллар төлөп турган. Буга Кыргызстандын эчтекеси кеткен эмес, бизге белибизди оорутпай, колубузду жоорутпай эле абадан акча түшүп турган. Кийин орустар стратегиялык объектилерибизге көз арта башташып, улам бир кемчонтой президенттердин айынан итбекер кармата берип жаттык.

Буга мисал, «Кыргызгазды» 1 долларга сатып, «жакшы кылдык» деп баарыбыз урааладык эле, акыры эмне болду? Азыр 1 куб газды 18 сом 84 тыйындан төлөп жатабыз. Ошол эле учурда тажик кошуналар өзбек газынын 1 кубуна 6 сомго жетпеген акча төлөшүүдө. Мына, мактаган Атамбаевдин дагы бир эрдиги! Азыр бизге орустар кредитин жана анча-мынча гранттык акчасын берип коюп, ар качандан бир качан колко кылып турушат. А биздин президенттер аргументтүү айтып, «Американын авиабазасын чыгарсаңар эле жардам, төмөнкү пайыз менен кредиттерди берип турабыз дебедиңер беле?» деп каш кайтарып айтканга жарашпай, мамлекеттин кызыкчылыктары 1 тыйын болуп, «я рад видеть вас. Я вам благодарен. Вы царь, вы бог!» деп колун кармаганга сүйүнүп жүрүштү. «Жаңы ажобуз дагы ушулардай болуп калбаса экен» деп Кудайдан тиленип отурам. Чоң-чоң инвесторлордун келбей жатканынын бир себеби дагы ушундан. Мамлекеттин ичиндеги маселени өз алдыбызча чече албай, орустарды кылчактап карап турганыбыз – инвесторлорду чочутуп, иренжитип жатпайбы. Жээнбеков дагы «чимкирик» депутаттар менен «орустарга Канттагы авиабазанын учупконгон асфальтын эле менчикке бердик» деп кыйратып коюшкансып басып жүрүшөт. Анын мамлекетке кылган чыккынчылыгы бул эле эмес. Кыргызстандын кызыкчылыгына төп келген эң чоң жакшы темир жол долбооруна орустарды кошуп, 3+1 дегени. Болбосо, бул темир жол Кытай–Кыргызстан–Өзбекстан деген эң сонун долбоор эле. Тактап айта кетүүчү жагдай, бул долбоорго Кытай менен Өзбекстан өз территориясына орустарды киргизишкен жок. Орустар бул жерде биздин үлүштүн ичинде отурушат. Бул долбоор аркылуу биз казак, орустарсыз эле түз Түркмөнстан, Иран аркылуу бул жагы Европага, тигил жагы Индия, Түштүк Азияга чейин товарларыбыз токтоосуз жөнөтүлүп турмак.

Демек, товар жүгүртүүдө көз карандысыз, альтернативалуу соода-сатык линиясын түзмөкпүз. Бул макулдашылган иш, бирок ратификациядан өтө элек. Эми Садыр Жапаров бул ишти колго алып, өлкө кызыкчылыгына бурса. Антейин десең, бул киши дагы мурунку кемчонтой президенттерден айырмаланбай, баштагы макулдашып кол койгон документтерди карабай, ревизия кылбай туруп, Чапаевчесинен баардыгына макул болуп жатабы? Эгер Садыр Жапаров «бизге орустарсыз жашоо кыйын болуп калат» дебей, «эки тизгин, бир чылбырды» колго алып, элди таза эле кул кылуунун, жатып ичерликтин жолун ойлобой, өлкөнү кризистен алып чыгуунун изин табабы? Орустарданбы, башкасынанбы, кайра эле карыз алып жан бага турганга өтсөк, ошончолук аларга күнкор, көз каранды болобуз. Урматтуу ажо, сиз эмитен орустардын көзүн карап саясат жүргүзсөңүз, кийин сизди чүлүктөп алгандан кийин кантип көп векторлуу саясат жүргүзөсүз?

Себеби, алар Жээнбековду чүлүктөп алышып, кайсы жерге кел десе, ошол жерге шүмшүңдөп орустардын бир губерниясынын желдетиндей болуп жетип барып турчу. Буга чейинки президенттердин баары кемчонтой болушкан, сиз эми алардын кейпин кийбеңиз. Түркмөндөрдү айтпай эле коёлу, өзбек, казак, тажиктер орустарга «биз силерсиз жашай албайбыз, силердин жардамыңар керек» деп айтып чыкканын көрө дагы, уга дагы элекмин. Мүмкүн орустардын жардамына муктаждыр, бирок алар башкача формасында айтышса керек. Урматтуу президент, бир нерсени айтардан мурун кичине ойлонуп туруп айтыш керек го?.. Мен сизге акыл үйрөтүүдөн алысмын, бирок сизден бир көйнөк эрте жырткан агаңыз катары айтып коюуну туура көрдүм. Бул сөзүмдү кабыл албасаңыз, анда ак чөп башта!

Булак: Азия News гезит

Последние новости