www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Кыргызстандын 2021-жылдын 11-апрелине жарыяланган референдумга чыгарылган жаңы Конституциянын долбооруна байланыштуу Венециялык комиссиянын аракеттерине, КРнын Малайзиядагы элчиси Азимбек Бекназаров Кыргызстандын жалпы элине Кайрылуу жасады.

Урматтуу кыргыз элим!

2010-жылкы кыргызчасы менен орусчасы, өзбекчеси бири-бирине дал келбеген, карама-каршы келген Конституциянын долбооруна Венеция комиссиясы оң корутунду эле бербей, материалдык да жардам бергенин билесиздер. Ошондогу алардын оюндагыдай жаздырылган конституциянын айынан 2012-жылдан тарта, Парламенттик Башкаруунун Кыргызстанда баркы кетти, саясый коррупцияга жол ачылды, партия ээлери тизме түзүү, депутаттыкка талапкерлерди тандоо менен чексиз байыды.

Парламентке куудулдарыбыз айтып жүргөндөй «Оозуң кайда?» десе, көзүн көрсөткөн "120 кой" келди. Парламентке кайсы партия өтөөрүн эл эмес, президенттер, анын шоопуру, катчылары, жакын туугандары чечкен заман орноду... Ушундай жыйынтыктан кийин Кыргызстандагы парламентаризмди «ким өлтүрдү?» деген суроого, бир эле президенттер, Атамбаев, Жээнбеков же алардын арыгын 2012-жылдан тарта чабышкан «сойку» депутаттар, партиялар эле эмес, азыр асмандан түшө калгансыган ушул Венециялык комиссияларга окшогон НПОчулардын да күнөөсү чоң деп айтаар элем.

Мындай эл аралык комиссиялар бизге окшогон өз жолун табууну издеп жатышкан жаш өлкөлөрдүн мыйзам долбоорлоруна өз сунуштарын берип, жардам бериши керек. Бирок референдум жарыяланып элге чыгарылган долбоорго чейин. Эми ал долбоор өзгөртүлбөйт же кабыл алынат же четке кагылат. Аны Кыргызстандын эли чечет. Венециялык комиссиянын референдум учурунда тескери корутунду берип түштөн кийин акыл айтып, айрым батышчыл саясый-коомдук уюмдар, саясатчылар, активисттер аркылуу каршы болуп жатканы, биздин эгемендүүлүккө шек келтирүүгө тете иш. Референдумга чыгарылган Конституциянын долбоорунун үстүнөн Конституциялык Кеңешме үч айдан ашык иштеди, «сунуштарыңарды бергиле» деди. Эгерде биздин Башмыйзамыбыз эл аралык стандартка ылайык жазылышын кааласа, эмне үчүн анда бул уюм өз сунуштарын ошол талкуу учурунда беришпеди? Менимче аларга Кыргызстанда, айрыкча башкаруунун түрүн шайлоо системасын жана башка адам укуктары менен эркиндиктерин мурдагыдай алардан сурабай жазып, өзүбүздүн түпкүлүктүү элдин кызыкчылыктары, каада-салты, маданияты, элдик курултай сыяктуу улуттук демократия институттары башка улуттук дөөлөттөрү камтылган Башмыйзам жазылышы жакпайт. Мен ал комиссиянын көптөгөн мүчөлөрү менен убагында жолуккам, сүйлөшкөм. Аларда деле, биздин депутаттарга окшогон мыйзамды түшүнбөгөн «кой-эчкилери» көп, ар кайсы өлкөдөн келишкен. Эч качан алар Кыргызстанга, анын элине кызыкпайт, алардын максаты кыргыздар да, алар каалагандай «көкмөк» түскө айланышса дейт.

Урматтуу Кыргызстандык мекендештерим! Венециялык комиссиянын бир эмес, жүз корутундусу болсо да, ал сенин кызыкчылыгыңа дал келбейт. Эгемендүү, эркин эл экениңди далилдеп, Батыштын бир чоң «НПОсунун» кагазын жайылтып жаткандарды укпай, ага алаксыбай өзүң тандаган башкаруу камтылган Конституцияга 2021-жылдын 11-апрелиндеги референдумга келип добуш бер! Атуулдук милдетиңди аткар!

Урматым менен Азимбек Бекназаров

Булак: NazarNews.kg

Последние новости