www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Кыргыз Республикасынын Премьер-министри Улукбек Марипов жумушчу сапарынын алкагында Нарын облусунун Жумгал районундагы Түндүк-Түштүк альтернативдик жолунун курулушу менен таанышты жана жергиликтүү калк менен жолугушту. Бул тууралуу өкмөттүн маалымат кызматы билдирди.

Белгилей кетсек, Түндүк-Түштүк альтернативдик жолунун узундугу 433 км түзөт. 

Эпкин - Башкууганды тилкесинде 2020-жылдын ноябрь айында подрядчикке шарттарды бузгандыгы үчүн келишимди бузуу тууралуу билдирүү жөнөтүлгөн. Учурда жаңы подрядчыны тандоо үчүн тендердик документация даярдалууда. 

Премьер-министр белгилегендей, тендерде жеңген компания өз милдеттерин тийиштүү деңгээлде аткарган эмес, үч жылдын ичинде каралган 70% иштин 9% гана аткарылган.

"Жаңы тендер өткөрүлөт. Жолдун курулушун мен жеке көзөмөлүмө алам. Транспорт, архитектура, курулуш жана коммуникациялар министрлиги астында ишти тездетүү жана бардыгын өз мөөнөтүндө жыйынтыктоо милдети турат. Министр бул үчүн жеке жоопкерчилик алат",- деп белгиледи Улукбек Марипов. 

Ошондой эле ал кошумчалагандай, Өкмөттүн ишинин негизги максаты катардагы жарандардын жашоосун жакшыртуу.

"Мен аталган жол тилкесинде болдум, жолдун чаңы көтөрүлүп, айрым тилкелерде асфальт такыр төшөлгөн эмес. Карапайым эл кыйналууда, мындайга жол берилбеши керек",- деп жыйынтыктады Премьер-министр.

Булак: NazarNews.kg

Последние новости