www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Кара-Буура жана Манас районунун аймагында белгисиз адамдар, автотранспорт айдоочуларына “COVID-19” ПЦР анализинин жасалма жыйынтыгын мамлекеттик чек арадан өтүү үчүн сунуштап, 500 дөн 1500 сомго чейин сатып жүрүшкөндүгү жөнүндө Манас райондук ички иштер бөлүмүнө маалымат келип түшкөн. Бул тууралуу ОИИБнин басма сөз кызматы билдирди. 

Милиция кызматкерлери тарабынан жүргүзүлгөн ыкчам иш-чаралардын негизинде “Чоң-Капка” көзөмөл өткөрүү пункутун жанында жайгашкан тез татым башыруучу имаратында Э. А. аттуу жаран жасалма ПЦР анализдерин 1500 (бир жарым мин) сом акча каражатына сатып жүргөндүгү аныкталган.

18-март күнү Э.А. иштетип жаткан тез татым имаратына тинтүү жүргүзүү учурунда тез татым бышыруучу имараттын ичинен жасалма ПЦР тесттер табылып чыккан.

Андан тышкары бул кылымыш  ишине Манас районунун Май айылынын тургуну 2003-жылы туулган  М.Д. катыштыгы бар экендиги аныкталып, М. Д. турак жайына тинтүү жүргүзүү учурунда “НР” үлгүсүндөгү ноутбук жана принтер табылып чыккан.

Тактап айтканда, Кыргыз Республикасынын Саламаттыкты сактоо министрлигинин Ооруларды алдын алуу жана мамлекеттик санитардык-эпидемиологиялык көзөмөлдөө департаментинин ПЦР анализинин жыйынтыгынын үлгүлөрүн өзүнө таандык ноутбугуна интернет тармагынан жүктөп алып, аларды жарандардын атына жасалмалап даярдап, түстүү принтердин жардамы менен басып чыгарып, А.Э. аркылуу жарандарга  сатып жүргөн.

Аталган факты  Манас РИИБнүн КЖБРне  катталып, Кыргыз Республикасынын ЖКнин 359-беренеси менен сотко чейинки өндүрүшкө алынган. 
Кармалган жарандар тергөөдө сурак беришүүдө. Бүгүнкү күндө тиешелүү экспертизалар дайындалып, тергөө амалдары жүрүп жатат. 

Булак: NazarNews.kg
 

 

Последние новости