www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg
«Жарандардын репродуктивдик укуктары жана аларды ишке ашыруудагы кепилдиктери жөнүндө» Мыйзамга өзгөртүүлөр киргизилди. Бул тууралуу Президенттин расмий сайтында айтылат.
Кыргыз Республикасынын Президенти Сооронбай Жээнбеков „Жарандардын репродуктивдик укуктары жана аларды ишке ашыруудагы кепилдиктери жөнүндө“ Кыргыз Республикасынын Мыйзамына өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу» Кыргыз Республикасынын Мыйзамына кол койду.
Мыйзам Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеӊеши тарабынан 2018-жылдын 5-декабрында кабыл алынган.
Мыйзам ченемдик укуктук актыларды инвентаризациялоонун негизинде «Жарандардын репродуктивдик укуктары жана аларды ишке ашыруудагы кепилдиктери жөнүндө» Мыйзамын Конституцияга, «Кыргыз Республикасынын Өкмөтү жөнүндө» конституциялык Мыйзамга жана «Кыргыз Республикасынын ченемдик укуктук актылары жөнүндө» Мыйзамга ылайык келтирүүгө багытталган.
Мыйзам расмий жарыяланган күндөн тартып он күн өткөндөн кийин күчүнө кирет.
Булак: NazarNews.kg